“Сооронбай Шарипович, мен сизге чынымды айтайын, сиз премьер-министр болуп иштеп келатасыз, мен өлкөдө өзгөрүү болот деп ишенбейм. Ошон үчүн өзүңүз карап, өзүңүз менен өзүңүз кеңешип, отставкага кетип калсаңыз туура болот! Мен өлкөдө өсүш болот дегенге ишенбейм!”, – деп билдирди бүгүн, 2-февралда парламенттин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев.
“Кыргызстанды контрабанда басып кетти. Таза иштеген ишкерлер иштей албай калды. Ички дүң продукция 2014-жылы ар бир жаранга 1305 доллардан туура келсе, 2016-жылы 1090 доллардан гана туура келип калды. Ошондо ар бир жаран 200 доллардан жоготуп жатат. ЕАЭБге кирип жатканыбызда өкмөт даярдыксыз кирген. Айыл чарбасына мамлекеттен субсидия болуш керек. Субсидия болмоюнча айыл чарбасы өнүкпөйт”, – деди Бакыт Төрөбаев.
https://www.youtube.com/watch?v=2wP6Qtjnvdk
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ