Menu

Көл жээгиндеги парктык-пляждык зонаны тосууда ижара акысы эки эсе төлөнүшү мыйзамдаштырылат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров аталган мыйзам долбооруна баяндама жасады.

Долбоор аркылуу «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөрдүн ичинде парктык-пляждык зона – Ысык-Көлдүн суусу бүткөн жерден 100 метрге чейинки эндүүлүктө көлдүн дал жээгине жанашкан кууш жер тилкеси экени такталып киргизилүүдө.

Ошону менен катар долбоор аркылуу парктык-пляждык зонанын жер тилкесин пайдалануунун ижара акысын аныктоонун тартиби жана аны төлөөнүн шарты келишимдин негизинде белгиленери каралган. Эгерде парктык-пляждык зона тосулуп алынса, мындай учурда ижара акысы эки эсе өлчөмүндө белгиленери долбоордо көрсөтүлгөн.

Талкууда тармактык комитет төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбоору комитетте талкууланганда мыйзам долбоору жалпы пайдалануудагы парктык-пляждык зона жергиликтүү бийлик аркылуу жакшы каралаарына түрткү болоору, мындай кадамдын башкы максаты катары туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугу эске алынаары белгиленгендигин жооптоду. Мындан сырткары, тосмолоо менен жергиликтүү тургундар үчүн көл жээгине өтүүгө эч кандай чектөө боюнча норма жоктугу такталган.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: