Menu

Мектепке чейинки жана билим берүүчү уюмдардын жетекчилери бир кызмат ордунда 6 жылдан ашык иштей албайт

Бөлүшүү:

“Бишкек шаарынын №10, №20, №28, №44 жана № 76 мектептеринин ордуна жана «Улан» кичи районуна жаңы имараттарды курууга мамлекеттик бюджетти түзүүдө каражат каралат. Бул тууралуу тапшырмалар кечээ, 6-мартта Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Өкмөткө тапшырылды” – деп билдирди КР ЖК басма сөз кызматы.

Ордо калаадагы №9, 12, 13, 23, 24, 26, 31, 43, 61, 67, 70 жалпы билим берүүчү уюмдарынын, А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпустарын курууга да каражаттар изделе тургандыгы айтылды.

Учурда, борбордо 94 мектепте 135 миң окуучу билим алат.  Бул  бир класстагы балдардын санына көптүк кылат деген депутат Рыскелди Момбеков, – “Окуучулар  канчалык  көп болсо, коррупция ошончолук күчөйт. Орундардын тартыштыгынан, азыр мектепке киргизүү үчүн 30 миңге жакын акча төлөнүп жатат ”- деди талкуу жүрүшүндө сөз алып.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова ордо калаанын мектептерин  республикалык бюджетке өткөрүүнү   туура деп эсептейт. Ал эми  Финансы министри Адылбек Касымалиев: “2013-жылы Өкмөттүн токтому менен  2018-жылга чейин билим берүү тармагындагы  мектептерди республикалык  бюджетке алуу каралган. Ал үчүн 6 миллиардга жакын акча каражаты керектелет.  Бул өтө чоң сумма. Андыктан  республикалык  бюджетке кабыл алуу этап –этабы менен жүргүзүлөт” – деди.

Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин толук материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү иштерине да тийиштүү каражаттарды табуу зарылчылыктары белгиленди. Санитардык-гигиеналык ички жайлардын талаптарга жооп бериши да иретке салынат.

Интернет тармагында билим берүү уюмунун расмий сайтын түзүү жактары да демилгеленип жатат.

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга мектепке чейинки жана билим берүүчү уюмдардын жетекчилерин бир мекмеге дайындалган учурдан тартып, кызмат ордунда иштөөдө 6 жылдан ашпаган мөөнөт белгиленсин деген өзгөртүүлөр сунушталууда. Ошону менен катар педаогогикалык иштин натыйжалуулугу атайын аттестациялоонун жыйынтыгы менен бааланат. Ошого жараша ар бир адис кызматынан жогорулайт, же аттестацияны жакшы тапшыра албай калса кызматынан бошотуу маселеси да каралат.

Окуучунун ата-энесинин социалдык абалын эске алуу менен жылына билим берүү түзүмдөрүнүн бирдиктүү төгүмдөрүн аныктоо жагдайлары да жолго салынганы турат. Мисалы, Бишкек шаары үчүн 1200 сом деп белгиленүүдө.

Балдар бакчалары менен мектептердеги тарбиялануучулар менен окуучулардын саламаттыгын профилактикалык текшерүүлөрдөн өткөрүп, жылына эки ирет текшерүү талаптары коюлууда.

Жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун штаттык бирдигин билим берүучү уюмдарга бекитүү маселеси да көтөрүлүүдө. Мектептердеги спорт залдарын эл аралык талаптарга ылайык келтирүү чаралары да колго алынат.

Билим берүү мекемелеринде шашылыш линиясы менен ишеним телефондорун жана коррупцияга каршы атайын дубал газеталарын көз көрүнө жерге жайгаштыруу тапшырмалары да берилүүдө. Эми ушул берилген тапшырмалардын жалпы жыйынтыгы ушул 2017-жылдын 15- июнуна чейин тармактык комитетке маалымдалсын деген чечим кабыл алынды.

Жумушчу топтун курамына депутаттар Е.Строкова, А.Токторов кирген. Ал эми ошол жумушчу топту депутат, тармактык комитеттин төрайымынын орун басары Т.Икрамов жетектеди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: