Бүгүн, 7-мартта, Бишкекте Кыргыз Республикасынын евразия экономикалык биримдигине төрагалыгы алдында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бишкек шаарына Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян келди.
Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар чөйрөдө өтүп, кеңири курамда улантылат.
Жыйында интеграциялык биримдик боюнча маанилүү маселелер талкууланып, бир катар документтерге кол коюлат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ