Кыргызстандык Рустам Ибрагимов кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болду.
Алматыда IBU Kyodokyokushin бирикмеси тарабынан эл аралык турнир болуп өттү. Ибрагимов К1 бөлүмүндө чемпиондук кур үчүн, 70 килограммга чейинки салмактык категорияда каршылашы казакстандык Мухаммеджан Абдуллаев менен беттешкен.
“1-раунддун 2-мүнөтүндө бир нече нокдаундан кийин, каршылашым урушту улантуудан баш тартты”, – деп билдирди Рустам Ибраимов.
Эске салсак, Р.Ибрагимов буга чейин, ушул эле жылы Азия чемпиондугун дагы женип алган.
Булак: 24.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ