Президент Атамбаевдин жеке партиясы катары белгилүү КСДП жана анын “клону” саналган “Кыргызстан” партиясынын кылыгыэлди тойгузуп бүткөнүн жаза берип чарчадык окшойт.
Учурда Жалал-Абад жана Талас шаардык кеңештеринин сессиялары болбой, шаар башчылары шайланбай, иш токтоп турат. Буга аталган партиялардын коалицияга кирбей калганы себеп болууда. Маселен, Жалал-Абад шаарында “Ата- Журт”, “Республика – Ата Журт” жана “Өнүгүүдөн” турган коалиция түзүлгөн.
Бирок шаардык кеңешке өткөн КСДП менен “Кыргызстан” партиясынын жетеленме депутаттары “бизге жок болсо, силерге да жок”,- деп сессияга катышпай жатышат. Башкача айтканда, ушундай жол менен алар коалицияны бузуп, өздөрү аны курап, мэрди да бийликке моюнсунган бирөөнү коюуну пландашууда. Булар албетте “Аташкасына” ишенет. Бирок ушинтип көгөрө берсе “аташкалары” менен кошуп тажаган эл кууп жиберсе эмне болот? Бул жагын алар ойлогулары келбейт.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ