Бир кезде, 2007-жылы Жогорку Кеңеш Ак үйдүн 7-кабатынын буйругу менен ит куугандай таркатылып жатканда андагы депутат Кубатбек Байболов ошондогу Жогорку Кеңештин акыркы сессиясында: «Кыргыз эли, бүгүнкү күндү эстеп койгула, демократиянын жаназасы окулуп жатат. Бирок, эртедир-кечтир жооп берчү мезгил келет. Кырк жыл өтсө да Нюрнберг процесси болот» деп катуу сүйлөгөн сөзү бар. Ошол айтылган сөз канчалык деңгээлде ишке ашты же ашууда мунун баары коомчулуктун назарында турат. Жакында ошол экс-чекист, экс-депутат, экс-Башкы прокурор Кубатбек Байболов дагы бир «жылаандын башын кылтыйткандай» пикирин билдирди. «Менин оюм боюнча жакынкы жылдардын аралыгында 2010-жылы кабыл алынган Конституция кайрадан түп тамырынан бери өзгөртүлүшү мүмкүн» деди ал.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ