“Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров АКШнын Нью-Йорк штатынын федералдык сотуна көрсөтмө берди. Ал 2018-жылы Gram токендерин Telegramга жайгаштыруу менен 1,7 млрд доллар тапканын тастыктады”, – деп жазат bankir.ru порталы.
Дуровдун айтымында, табылган милларддар Telegramдын муктаждыгына жана жаңы жабдыктарды сатып алууга кеткен.
Азыркы учурда мессинжерди 300 млн активдүү колдонуучулар пайдаланат.
Токен – бул флешка сыяктуу чакан жабдык. Аны менен колдонуучунун маалыматтык коопсуздугу камсыз болот, ошондой эле анын ээсин идентификациялайт, б.а. таанып билет, маалыматтык ресурстарга коопсуз кире алат жб.у.с.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ