Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкө аймагында болуу тартибин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган протоколго ылайык, Казакстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары, Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары 30 күнгө чейин турган жериндеги ыйгарым укуктуу органдарда катталуу милдетинен бошотулат. Бул протоколго 2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында (Казакстан) кол коюлган.
Эки тараптуу протоколду ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ