-Ата,-дейт Талантбек Батыралиевдин уулу, – эмне үчүн 8-март кызыл түс менен өзгөчө белгиленген?
Батыралиев адатынча бакырып:
-Ал деген эркектин кызыл канын сорчу кызыл түстүү күн!
***
-Амантай кечээ машинада кетип баратып кырсыкка учурады деп уктум, кокуй эмне болду деп эмгектин ардагери Амантур Молдалиевден классташы Сабира Осмоналиева чыйпылыктап сурап.
-Ооба, ошондой болду, жол боюндагы аңгекке кирип кеттим…
-Ал кандайча балээ болуп кетти?
-Аялым менен кетип бараткам. Жол боюнда жарым жылаңач кыз турганынан карай койсом, тиги суйкайган сулууну карабасын деп аялым көзүмдү жаап жиберип жатпайбы…
***
-Папа, эмне үчүн мен 8-мартта идиш-аякты жууп жүрөм? – деп Ахматбек Келдибековдун кызы атасына даттанып.
-Бул майрамды майрамдаш үчүн сенин жашың али жете элек.
-А мамам эмне үчүн тамак-аш даярдап жүрөт?
-Анын жашы эбак өтүп кеткен…
***
Жашоодогу кайсы көз ирмемди кармап калгыңыз келет деген суроого айымдардын 80 пайызы кызарып- татарып жооп бере алышпайт! – деп Каныбек Имамалиев адатынча трибунадан какылдап…
***
Наталья НИКИТЕНКО: Абдил Сегизбаевич, сиздин кызматыңыз эмне?!
“Фабула пресс”: Абдил Сегизбаевдин кызматын эмгиче билбесеңиз, билимиңиздин деңгээлин көрсөтүп жатасызбы же анткорлонуп жатасызбы?
Максат САБИРОВ: Элди жамынып айтпаш керек!
“Фабула пресс”: Эң туура айтасыз. “Элге кызмат кылам!”, “Эл үчүн!”, “Эл үчүн! – деп жалган айтып жалпаңдагандарды жаныңыздан жарым километр жылдырыңызчы!
***
Мурадыл МАДАМИНОВ: Мародерлук кылбаш керек!
“Фабула пресс”: Мародерлук жасап кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп компоюп басып
жүргөндөрдүн жүрөк үшүн алсаңыз боло?
***
Исхак МАСАЛИЕВ: Мени билип алгыла! “Мен деген Исхак Масалиев” деген болом!
“Фабула пресс”: Мындан ары билип жүрөлү. Бирок эч качан Апсамат Масалиевдей боло албай жүргөнүңүздү эл эбак билет. “Аккан арыктан суу акпай калган”.
***
Камчыбек ЖОЛДОШБАЕВ: Ушул жерде отурган депутаттардын акчасынын баарын чогултсак да миллиардга жетпейт!
“Фабула пресс”: Жакшылап эсептеңизчи Камчыбек мырза. Жетмек түгүл эки эсе ашып кетээрин билип туруп билмексенге салбай.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ