Бишкекте өтүп жаткан митингке “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев келди. Белгилей кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча партия 6, 85% добуш алган.
Камчыбек Ташиев алардын партиясы таза добуш алганын айтты.
“Биз таза шайлоо өткөрө турган координациялык кыймыл түзүшүбүз керек”.
Андан кийин “Бүтүн Кыргызстандын” өкүлү Курсан Асанов трибунага чыкты. Митингчилер аны “Элдик генерал” деп кыйкырып, кубануу менен тосуп алышты.
Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин мындай ыплас шайлоону көргөн эмес.
Эгерде БШК жыйынтыктарын жокко чыгарбаса, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы жана мен өзүм эл менен болом – деди Асанов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ