Бүгүн, 20-декабрда «Мотайлифу Маймайтямингдин” адвокаты Аскар кызы Жанара жана Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевден жабыркадым деген кытай жаранынын жыйыны болуп, ал эмнегедир аягына чыкпай, шашылыш жыйынтыкталды.
Жыйындын башында адвокат Аскар кызы Жанара анын коргоосундагы кытай жараны Сыргак Кенжебаевден акчасын алалбай жатканын жана жакында эле паспортун андан араң алганын айтып, ага чара көрүү боюнча УКМКга арыз жазышканын айтты.
Ошондой эле ал Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын жолдошу экенин журналисттерден укканын жана аны менен тааныштыгы бар экендигин айтып, жыйынды жыйынтыктабай, шашылыш чыгып кетишти.
Ал эми буга чейин УКМК Сыргак Кенжебаев аттуу жаран «ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн» деген негизде кармалганын расмий билдирген. Алардын маалыматына караганда, аларга кытай жараны арыз менен кайрылып, Сыргак Кенжебаев 350 миң доллар акчасын алдап бербей жатканын айтып, ага чара көрүүнү суранган. Ошонун негизинде С.Кенжебаев 20-декабрда УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске сала кетсек, Ширин Айтматова кечээ, 19-ноябрда Алматыга жолдошу менен жолугууга кыздары менен учуп барып, аэропорттон аны таппай калганын “Твиттерге” жазган.
Видеотасманы бул даректен көрүңүз: https://business.facebook.com/watch/?t=2&v=1060315877633243
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ