КР Президентинин аппаратынын басма сөз кызматынын кабарлаганына караганда, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Алмазбек Атамбаевге судьялык кызматтарга талапкерлер сунушталды:
– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунунун судьялык кызматына – 1 адам;
– Нарын жана Ош облустук сотторунун (1 адамдан) судьялык кызматтарына, Жалал-Абад Облусунун Ала-Бука райондук (2 адам) сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 4 жаңы талапкерлер боюнча.
2017-жылдын 3-мартында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешти. Анын жыйынтыктарын жана кошумча алынган материаларды эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук (2 адам) сотунун судьялык кызматына 2 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.
Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы КР Жогорку сотунун судьялык кызматына 1 талапкер боюнча жана КР жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына 2 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.
Мындан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкерлерди кароо жана көрсөтүү “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
КР жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер боюнча Президент Алмазбек Атамбаев 2 жарлык чыгарды.
Биринчи жарлык менен конкурста тандалган талапкерлер Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич жана Тумаева Гулмира Жыргалбаевна Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.
Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ