Кыргыз чиновниктери бирөөнүн «артына» кирип кеткенден эч уялбайт экен го. Эптеп убакыт өтүп, байлык топтоп алганча бийликтеги таасирдүү фигуралардан кимди болсун артына калканч кылып, анын кареги менен тең айланып, ал эми башкаларга кызылдай эле кара ниеттик жасаганга өтүп алышат. Дегеним, Өкмөттүн Ысык-Көл областиы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, мурунку тил менен айтканда губернатору Аскат Акибаев президенттин администрация башчысы Сапар Исаковго таянып алып, кылбаганды кылып жаткандыгы боюнча маалыматтар ММКларга жарыяланды. Аскат мырза уялбайт экен да, же иш билбейт. Арийне адамгерчилик, абийир дегендер тууралуу Акибаевде түшүнук барбы өзү? Же «Аврора» менен эле аткаминерликке жол ачкан мырза эртеңки күн, жоопкерчилик деген калыстык таразасына түшпөй калам деп ойлойбу?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ