Menu

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Башкы прокуратуранын 2016-жылга карата ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп тапты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-мартта «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2016-жылдагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун сакталышы жана аны бекемдөөдө прокуратура органдарынын аткарган иштери боюнча отчёту угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.

КР Башкы прокурорунун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов өткөн жылы прокуратура адам укуктарынын сакталышы, ишкерлердин укуктарын коргоо жана коррупция менен күрөшүү приоритет кылып кабыл алынгандыгын айтып, бир катар сандык маалыматтарга токтолду. Ал өткөн жылы парламент тарабынан, айрыкча, айыл өкмөттөрүн, ишкерлерди ыгы жок текшерүүнү жөнгө салуу боюнча берилген тапшырмалар жаатында бир катар иштер жасалгандыгын айтты. Маселен, ишкерлерди салык кызматы менен финансы полициясы, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктардын негизинде прокуратура органы текшере тургандыгы боюнча чечим кабыл алынган. К.Токтогуловдун айтымында, эң көп жерге байланыштуу мыйзам бузуу фактылар катталган. Бул багытта 750 текшерүү жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, гендердик теңчиликти кепилдеген мыйзамдардын аткарылышы, кыйноолорго каршы иштер жана коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Ошону менен катар мыйзамсыз жоопкерчиликке тартты деген жүйөө менен 16 прокуратура кызматкеринин жоопкерчилиги дагы каралган. 2016-жылдагы жасалган иштерге каттоодон жашырылган кылмыш иштерин аныктоолор жана жазык иштерин негизсиз кыскартуулар камтылган.

Талкууда депутат Тынчтык Шайназаров акыркы мезгилде кылмыш ишин козгоодо дароо эле камак чарасы колдонула башталганын айтты. Депутат камак чарасынын ордуна, маселен, мамлекетке миллион сомдук зыян келтирди деген жүйөө менен кармалган адамды 3 миллион сом күрөө менен чыгарып, анан тергөөнү улантууну сунуш кылды. Депутат Мирлан Бакиров жер мыйзамдарын бузгандарга администрациялык чаралардан сырткары, 71 кылмыш иши козголгондугун тактады. Анын пикиринде, жасаган кылмыш боюнча камакка алынып, үлгү болгондо гана мыйзам бузуу токтойт.

Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов жер мыйзамдарын бузуу ар жылы кайталанып жаткандыгын белгилеп, жер мыйзамдарын жүзөгө ашыруу боюнча атайын окууларды уюштуруу максаты коюлуп жатканын маалымдады.

Жыйын жүрүшүндө борбор калаадагы №64 мектеп имаратында жайгашкан курал сатуучу дүкөн чыгарыла тургандыгы белгилүү болду. К.Токтогулов Бишкек мэриясы менен дүкөн иштеткендердин ортосундагы ижара боюнча келишим узартылбагандыгын айтып, эми сот аткаруучулары тарабынан мектептен курал сатуучу дүкөндү чыгаруу иштери гана калгандыгын билдирди.

Фракция жетекчиси Бакыт Төрөбаев Орусиянын элчилигинин өкүлү катышкан жол кырсыгында Кыргызстан жараны каза болгон окуя боюнча эл нааразы болуп жатканын белгилеп, бул ишке көзөмөл кылып, жыйынтыгын коомчулукка жарыялап коюуну табыштады.

Жыйынтыгында «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы КР Башкы прокуратурасынын 2016-жылдагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун жана аларды бекемдөөдө прокуратура органдарынын аткарган иштери тууралуу отчётун канааттандырарлык деп табуу боюнча чечим кабыл алды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: