Menu

Кадыр Кошалиев, журналист: “Депутаттар атайын кызматты текшерип, тескегенге даай алышпайт”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?

– Андай экен эртерээк Элдик Курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алышсын! Жо­горку Кеңештин азыркы комитеттери аркылуу эле көзөмөлдөсө неге болбосун. Болгону биздин депутаттардын арты таза эмес, көпчүлүгү ишкерлер, каралар менен арала­шып кеткендери да жок эмес, ошол себептүү атайын кызматты текшерип, тескегенге даай алышпайт. Болбосо азыркы комитеттерде бардык укуктар каралган. Азыркы учурда Жогорку Кеңеште тогуз комитет бар. Алардын үчөөндө УКМКнын ишин көзөмөлдөө укугу бар. Алар: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюн­ча эле ишмердүүлүгүн тескеп койсо болмок да, бул артык баш жумуш деп билем. Ал эми элдин атынан бийлик бутактарын Элдик Ку­рултай аркылуу көзөмөлгө алуу маселесин көтөрүшсө башка кеп болмок! Конституциянын 52-беренесинде Курултай маселеси тургандыгына карабай эмдигиче мыйзамы кабыл алынбай келүүдө.

Булак: “Майдан.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: