Menu

ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору, ИИМдин тутумун реформалоо боюнча маселелер талкууланды

Бөлүшүү:
Кечээ, 18-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги отуруму өтүп, ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асанов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Нурбек Жангабылов, Бишкек ШИИББдин башчысы, милициянын полковниги Канат Жумагазиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын  башчысы Эмир Солтонгельдиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Азамат Исраилов, андан сырткары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Коомдук отурумду Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ачты. Комдук кеңештин  бардык мүчөлөрү менен учурашкан соң, министр иштерине ийгиликтерди каалап, тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди. Андан сырткары, ИИОнун алдында коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу коомчулуктун колдоосу жок мүмкүн эместигин баса белгилеп, Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө тыгыз кызматташкандыгы үчүн ыразычылыгын айтып өттү.
Андан соң,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов отурумда карала турган маселелер менен тааныштырып, төмөнкүдөй манилүү маселелер талкууланды: Кыргыз Республикасынын ИИМдин тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат, эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар жана жарандык коомдун институттары менен кызматташуу, “ИИОну реформалоонун жолунда  “Жол картасын” түзүү жана ИИМдин ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчүн талкулоо менен бекитүү”.
Негизги баяндамасы менен  Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЕКБнын башчысы, милициянын полковниги Нурбек Жангабылов чыгып,  соттук-укуктук реформа боюнча ИИОдо көрүлүп жаткан чаралар, экинчи этап ишке кирип жаткан “Коопсуз шаар” долбоору жөнүндө, андан сырткары жакында Бишкек шаарында “Команддык борборду” ачуу пландалып жаткандыгын маалымдады. Бул борбор жарандарды жана алардын жүздөрүн таануу, көчүрүп алуу менен коомдук коопсуздукту камсыздоого, жарандардын коопсуздугуна, жолдун коопсуздугуна, жарандардын билдирүүлөрүнө, арыздарына ыкчам аракеттенүүнү күчөтүүгө жана кылмыштар менен жоруктардын бетинин ачылышынын көбөйүшүнө маниторинг жүргүзөт.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын  башчысы, милициянын полковниги  Эмир Солтонгельдиев өз баяндамасы менен чыгып, ИИОнун түзүмүндө жүргүзүлүп жаткан оптимизациялоо жөнүндө маалымат берди. ИИМ-ИИББ-ИИБдин Борбордук аппараттарынан оптимизациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында, 262 бирдик, анын ичинен ИИМдин борбордук аппаратынан 118 штаттык бирдик кыскартылган. Бардык кыскартылган бирдиктер милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн, жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчүлөрүнүн санын көбөйтүү үчун региондорго берилди. Андан сырткары, Эмир Солтонгельдиев оптимизациялоонун 3-этабы пландалып жаткандыгын маалымдады.
 Ал эми, Бишкек ШИИББдин башчысы, милициянын полковниги Канат Жумагазиев Бишкек шаарында Бишкек ШИИББдин  Борборлоштурулган Командалык борбор түзүлүп  жаткандыгын кабарлады.  “Командалык борборду түзүүнүн алкагында Бишкек ШИИББде Маниторинг борбору ишке ашырылат. Маниторинг борбору-бул топтук борбор, Бишкек ШИИББдин кызматкерлеринин төшүндөгү жеке видеокамерасынан, андан сырткары,  кызматтык автоунаадагы видеокамерадан маалыматтар келип  түшөт. Борбордун негизги максаты –  кызмат өтөөнүн сапаттуулугун Online көзөмөлдөө, зомбулукту колдонуу факторлорун жоюу,  коррупция көрүнүштөрүн жок кылуу, кызматкерлер менен жарандардын ортосундагы чыр-чатакка бөгөт коюу. Андан сырткары, өз аймагындагы ыкчам кырдаалды көзөмөлдөө үчүн  аймактык тескөөчүлөр планшеттерди колдонууларын ишке киргизүү пландалууда” деп Канат Жумагазиев билдирди.
Ошондой эле,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Азамат Исраилов  “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылып жаткандыгы жөнүндө айтып берип,  видеокамералардын жардамы менен айрым кылмыштардын бети чылып жаткандыгын кошумчалады. Учурда жаңы мыйзамга кошумча чараларды көрүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселелер талкууланып жаткандыгын белгилеп өттү. Андан соң, ИИОнун тутумундагы “Жол картасын” иштеп чыгуу маселеси талкууланды.
Мамлекеттик органдардын коомдук кеңешинин координациялык кеңешинин мүчөсү Таалайбек Алыбаев  өз баяндамасында ушул жылы элдин милицияга болгон ишениминин деңгээли 15% экендигин жана өткөн жылга салыштырмалуу 3% жогору экендигин билдирди.  Бул ИИОнун бардык түзүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугунан кабар берип турат. Ал милиция кызматкерлерине калктын ишениминин денгээли жогорулап, бекемдей беришин каалады.
Отурумдун аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов, бул жолугушуу пайдалуу болгондугун белгиледи. Бардык калоочулар өз сунуштарын киргизе алышты. Андан сырткары, бардык катышуучуларга жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылыгын билдирип, бардык жерде ийгиликтеп коштоп жүрүшүп каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: