Menu

Депутат К.Бокоев шайлоочулар менен айыл өкмөт башчыларын түз шайлоонун күнгөй- тескейин талкуулады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Талас облусунун Кара-Буура районунда жергиликтүү тургундар жана район активи менен жолугушту. Иш-чарага жаңы шайланган айыл өкмөт башчыларынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышты. Бул тууралуу “Республика – Ата-Журт” фракциясынын катчылыгы билдирди.

Депутат Кенжебек Бокоев өзү демилгелеп, парламентте кабыл алынган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын маңызы жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун максаты боюнча жолугушуунун катышуучуларына учкай маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлү айыл өкмөт башчыларын түз шайлоонун артыкчылыктарын түшүндүрүп берди. Ошону менен катар жергиликтүү башкаруу органдарынын ишин ыгы жок текшерүүлөрдү жөнгө салуу боюнча бир катар укуктук-ченемдик актылар кабыл алынып, ишке аша баштагандыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, жергиликтүү элдин айыл өкмөт башчысын түз шайлоо боюнча пикирлерин угуп, алардын айрымдары эске алынаарын айтып, түз шайлоо өткөрүү менен жетишиле турган ийгиликтерге токтолду.

Ошондой эле эл өкүлү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн түйшөлткөн маселелердин чечилишине көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: