Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун эгемендүүлүк менен кошо түптөлүп, күргүштөп иштеп, түшкө кирбеген киреше көрүп, самандай сапырылган акчанын алдында калган ун чыгарган “Бишкекмелькомбинат” жана «Акун» заводдору пайдадан түшкөн салыктан бошотулганы коомчулукта нааразычылыкты жаратты. Төраганын фирмалары салыктан бошотулганына баштары каткан көпчүлүк, ушундай дагы теңсиздик болобу дешип муңканышууда. Буга окшогон “Шер”, “Шин-Лайн”, “Шоро”, “Бишкексүт”, “Акун”, “Умут и К” сыяктуу күркүрөп иштеген заводдор да пайдадан түшчү салыктан бошотулушкан. Жаңы түптөлсө бошотсо бир жөн. Бирок булар эгемендүүлүктөн бери иштеп түптөлүп калгандар. Өздөрүнүн заводдорун калкалашып салыктан бошотуп жатышса, мамлекет кантип жарысын? Бюджет аңырайган тешик. Анан сырттан жалдырап карыз сурашат…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ