Menu

Лола Каримова-Тилляева Улугбек тууралуу тасмага продюсерлик кылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Лола Каримова-Тилляева Амир Тимурдун небереси, илимпоз жана астроном Улугбекке арналган тасмага продюсерлик кылууда. Фильмдин бет ачары жакынкы аралыкта болот.

Тасма “Улугбек. Жылдыздарга алып барчу жол” деп аталат. Тилляванын буга чейин продюсерлик тажрыйбасы жок болчу.

Даректүү тасма орто кылымдагы ойчул жана илимпоз Мирзо Улугбектин турмуш жолуна арналган. “Фильм тартуу идеасы мурун эле пайда болгон. Көп кырлуу тарыхый инсан мага бала кезден эле дем берип келген. Улугбек энциклопедиялык билимге ээ, улуу окумуштуу жана тынчтыкты сүйгөн башкаруучу болгон. Ал мезгилди жана чек араны тааныбаган укмуштудай инсан”,- деп жазды Лола Каримова-Тилляева Фейсбуктагы баракчасына.

Тасмага Венсан Кассель, Арманд Ассанте, Франциско Овалле сыяктуу дүйнөлүк киноматографиянын жылдыздары жана Маъруф Отажонов, Жавахир Закиров, Хашим Арсланов сыяктуу өзбек актерлору тартылды.

Улугбек тууралуу фильмди Батышта чыгармалары менен белгилүү өзбек режиссеру Баходыр Юлдашев тартты. Тасмада Улугбегдин эмгектери жана анын жашоосу тууралуу Улуу Британия, АКШ, Франция, Өзбекстан, Дания, Орусия жана Нидерландия окумуштуулары айтып беришет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: