Menu

“Шералынын чокою”

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура “Президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди” деген айып менен “Азаттык” радиосун, “Заноза” маалымат порталын сотко берди. Бул доо арыз “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарынын “Авиакырсыкка учураган учактагы жүк Президент Атамбаевге тиешелүү болгон” деген билдирүүсүнө байланыштуу. Башкы прокуратура “Ата Мекендин” юристтеринен 10 млн сом, “Азаттык” радиосунан 10 млн сом, “Занозадан” 3 млн сомду моралдык чыгым катары сураган. Мындан сырткары, КСДП 24.kg маалымат агенттиги менен укук коргоочу Рита Карасартованы сотко берди.  Бул сотко берүүнү жарандык коом сөз эркиндигине кысым катары баалоодо.

Президент: “Бир ууч жалганчылар жана ушакчылардын чайкоочулук кылышына жол бербейбиз”

Андан көп өтпөй эле Президент Атамбаев билдирүү таратты. Билдирүүдө акыркы учурда сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алган көз карандысыз журналисттер, саясатчылар президент баш болгон бир катар адамдарды негизсиз каралап жатканы айтылат. Президент мындай көрүнүш айрым маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу бир нече жылдан бери уланып келгенин жана былтыр жай айынан тарта күч алганын белгилеген. “Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты – чындык эмес, жалган жалаа жаап, ушактоо менен бүткүл эл шайланган мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жаткандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган президент үчүн эле эмес, бардык жарандарга бирдей экенин эскерте турган мезгил келди. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жеткен жарандардын укуктары жана эркиндиги менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылардын чайкоочулук кылышына жол бербейбиз” деп айтылат билдирүүдө.

Андан кийин Президент 15-мартта Ооганстан, Индия, Латвия, Кот-д’Ивуар жана Эфиопиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамота кабыл алып жатып дагы журналисттердин дарегине сын пикир узатты.“Урматтуу бул жерде катышып жаткан журналисттер! Мен сиздерди журналисттик этиканы жана адамдык моралды бекем сактоого, коомчулукка чындыкты жана бейтарап маалымат жеткирүүгө чакырам. Мыйзам маалыматты жарыялоодон мурун текшерүүнү талап кылат. Чыныгы журналист ушуну менен “ушакчыдан”, “жалганчыдан” айырмаланат. Эркиндик – бул баарынан мурда жоопкерчилик. Президенттин аброю менен намысын коргоо боюнча Башкы прокуратура берген доо арыздар эки гана маалымат каражатына, бири нече жылдан бери максаттуу түрдө мамлекетти жана президентти дискредитациялоо боюнча иштеп жаткан “Азаттык” менен “Занозага” багытталганын баса белгилеп кетким келет” деди Алмазбек Атамбаев.

Журналисттердин көз карандысыз уюму: “Бул ыкмалар демократиялык баалуулуктарды тутунган коомдо болбошу керек”

Журналисттердин көз карандысыз уюму бул жагдайга тынчсызданып жатканын айтып билдирүү таратты. “Мындай соттошуу аракеттери –  маалымат каражаттарына болгон кысым бийликтин сөз эркиндигин чектөө үчүн жасаган аракети экенин  Кыргызстандагы бийлик менен ММКлардын мамилелеринин тарыхы көрсөтүп турат. Мындай аракеттер банкротко учуратуу, айрым маалымат булактарынын жабылышы сыяктуу кыска мөөнөттүү эффект бергени менен, тескери жыйынтык берип келген. Өздөрүнө жакпаган ММКларга тандалма мамиле жасоо, мамлекеттик машинаны башкача көз караштагыларды кодулоо, сынды көтөрө албоо – бул ыкмалар демократиялык баалуулуктарды тутунган коомдо болбошу керек. Бул ыкмаларды колдонуу укуктук мамлекеттин принциптеринен артка кетүү деген коңугроону түшүндүрөт. Ошол эле учурда ММКлар дагы өзүлөрү тараткан билдирүүлөргө жоопкерчилиги болушу керек. Биз эки тарапты ачык диалог курууга чакырабыз” деп жазылат билдирүүдө.

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Толкундоолорду унутсак Шералынын чокоюндай кылып сүрөттөрүн илип коелу”

Буга улай эле Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар журналисттердин ишмердүүлүгүн сындап чыгышты. Кайсы ММК экенин так айтышкан жок. ЖК депутаты Аскар Шадиев “Ар ким каалаганын жазып жатат. Чындыкты жазышсын да. Эмне? Бизде эч кандай жакшы иштер жасалбай жатабы? Эл шайлаган Президент бар. Бул кишиге чындыгын да, калпын дагы илип атышат. Бизде эмне акыркы заман келип калдыбы? Акыркы 5-6 жылда чоң өзгөрүүлөр болду. Акты ак, караны кара дешибиз керек” деди Шадиев. Ага сөз улай депутат Азамат Арапбаев “Сөз эркиндигине жамынып алып Президент боюнча ушак, жалган маалыматтарды жазып жатышат. Кадырын түшүрүп жатышат. Айрым ММКлар өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунучтуу болуп жатат. Президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам бар. Эгер ММКлар муну аткарбаса, аларды тартипке чакырышыбыз керек” деди Арапбаев. Ал эми ушул эле КСДПдан депутат болгон Жанар Акаев сөз эркиндигин муунтпаш керек деген оюн айтты.
“Журналисттерди бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес. Алар депутаттардын сөзүнө таянуу менен жазып жатат да. Элдин баары парламентти карап отурса жазууга милдеттүү. Буга чейинки эки революциянын келип чыгышына сөз эркиндигинин басмырланышы да себеп болгон. Ошону унутуп калдыкпы? Андай болсо Шералынын чокоюндай кылып, сүрөттөрүн илип коёлу”, — деди Акаев.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: