Menu

Канайым Бердибаева, Апрель Баатыры: “Кар басып калган Аксай өрөөнүнөн 15 күн бир да бийликтин өкүлү кабар албады”

Бөлүшүү:

“Нарындын Аксай өрөөнүн быйыл кар калың басып, жол жабылып, эл кар туткунунда калды. Элге тамак-аш продуктылары менен малга тоют жеткирилбей  жуут башталганынан кечээ, 16-мартта атчан-тончон 5 киши эптеп түшүп келишип, элге кабар кылды”, – деп билдирди бүгүн, 17-мартта Нарындан Апрель Баатыры Канайым Бердибаева.

“Ошондо гана өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кечээ, 16-мартта Аксайга чыгып кетти. Ага чейин бүгүнкү бийликтин бир да бутагы Аксайда эл эмне болду деп ойлогон жок. Эми бүгүн радиодон “спикер Чыныбай Турсунбеков  кар калың түшкөн Аксайдан кабар алды” деп айтып жатышса кубанып кетипмин. Көрсө ал киши жылуу кабинетинде олтуруп алып Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго телефон чалып, Аксайдан кабар алыптыр. Ал эми Атамбаев менен  Сооронбай Жээнбековдун Аксай менен дегеле иши жок.  Карап олтурсак бул бийликке элдин деле кереги жок болуп калыптыр”, – деди Апрель Баатыры Канайым Бердибаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: