Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Бактыбек Турусбеков КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жападан жалгыз тик учагынын абалына токтолду. Анын айтымында, аталган тик учак 2008-жылдан 2013-жылга чейин ижарага берилип келип, 2013-жылы учуу ресурсу түгөнүп, иштен чыккан. Ал эми ижарага төлөнүп келген каражат дагы кайда жумшалганы белгисиз. «Андыктан, бул тик учактын айланасында болуп жаткан сөздөргө чекит коюуга убакыт жетти»,- деген депутат Өкмөткө маселе койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ