Menu

Фото – Нарын ОИИБдин демилгеси менен облустук форум уюштурулду

Бөлүшүү:

2019-жылдын 5-апрель күнү Нарын ОИИБдин демилгеси менен “Үй-бүлө ынтымагы жана тынчтыгы – мамлекеттин бейпилдигинин пайдубалы” аталышындагы облустук форум уюштурулуп өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Форумга облустун билим берүү мекемелери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук активисттер, күч түзүмдөрү болуп, жалпысынан 200 дөн ашык өкүл катышышты. Анда башкы басым өспүрүмдөргө карата жасалган зордук- зомбулук көйгөйлөрү ортого салынып талкууланды. Аталган форумдун негизги максаты, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана өспүрүмдөргө болгон ырайымсыз мамилеге бөгөт коюп, коомчулук менен бирге күрөшү болуп саналат. Негизинен акыркы мезгилдерде өспүрүмдөр арасында болгон айрым окуялар, кылмыштар коомчулуктун үрөйүн учуруп келет. Өткөн жылы Нарын облусунун Жумгал районунда өспүрүмдөр арасында топтошуп мушташуудан улам адам өлтүрүү фактысы менен аяктаган кылмыш катталган, ушундай эле көрүнүш 2019-жыл март айында Ак-Талаа районунда дагы кайталанган. Мындай терс көрүнүштөрдүн байма-бай катталышынын бирден бир себеби, айрым серепчилердин пикиринде, ата-энелердин өз балдарына болгон кайдыгер мамилесинен улам келип чыгууда. Ал эми зордук-зомбулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү өспүрүм курактагы жаш балдар. Форумдун жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча коомчулук арасындагы терс көйгөйлөрдү ортого салып, бирдиктүү макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп туруу зарыл экендиги да белгиленди. Ошондой эле Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнө окуучулардын бош убактысында ар кандай ийримдерди, спорттук иш- чараларды өткөрүп туруу жагы сунушталды. Бул менен катар форумга келген конокторго Нарын ОИИБдин Ардак граммоталары жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: