Menu

Кыянбек Сатыбалдиев: “Бишкек – Ош автомагистралынын Маданият – Бек-Абад” аралыгындагы жолдун курулушу быйыл башталат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев массалык маалымат каражаттарына маалымат жыйынын өткөрдү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Маалымат жыйынында Бишкек – Ош автомагистралынын IV реаблитациялоо фазасына кирген Маданият – Бек-Абад жолунун курулушу туурасында сөз болду.

–   21-мартта  Бишкек – Ош автомагистралынын облус аймагы аркылуу өтүүчү Маданият – Бек-Абад участкасындагы жолдун азыркы абалы менен КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов менен биргеликте бир сыйра көрүп, кыдырып чыктык. Учурда экплуатациялоо мөөнөтү эчак бүткөн бул аралыктагы жолдун бузулуп кеткен жерлерин жамактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жамак жол – бул иш эмес. Ал эч качан сапаттуу болбойт. Жаңы асфальт төшөө керек.  КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов жолдун учурдагы кейиштүү бузулган абалын өзү көрүп чыгып, аталган жолдун курулушун тездетип баштоо керектигине  толук ынанды. Министрдин айтуусу боюнча аталган жолдун 67 км. аралыгын асфальттоо жумуштары быйыл июль айында башталат. Жолдун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздери толук бүткөрүлгөн. Бул максатта Евразия Өнүктүрүү банкы тарабынан 60 млн. доллар каражат каралган. Кыргыз Өкмөтүнүн салымы 11 млн. доллар болушу күтүлүүдө. Жолдун курулушунун тендерине 5 ири компаниялар катышып жатат. Элдин негизги талабы Маданият – Бек-Абад жолунун курулушун тезирээк баштоо жана сапаттуу бүткөрүү болуп жаткандыгын министрге жетикиликтүү түшүндүрдүк. Бишкек – Ош автомагистралынын IV фазасына кирген Маданият – Бек-Абад жолунун курулушу башталып кетсе жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт,- деди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

Маалымат жыйынында ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кочкор-Ата базарынын тушундагы 300 метр жолду асфальттоо жумуштарын КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов апрель айында баштоону облусттук жол курулуш тармагынын жетекчилерине тапшырма катары койгондугун  айтты. Мындан сырткары Кыпчак-Талаа – Майлуу-Суу ички жолунун 3 км. асфальттоо өткөн жылы ишке ашырылгандыгын, ал эми быйылкы жылга карата дагы 2 км. жолду асфальттоо жумуштары титулдук планга ылайык иш чарага киргизилгендигин маалымдады. Майлуу-Суу электр лампаларын чыгаруучу заводдун продукцияларын башка өлкөлөргө экспортко чыгарууда аталган жолдун талаптагыдай болуусунун мааниси абдан чоң экендиги айтылды. Ыйгарым укуктуу өкүл мындан сырткары дагы журналисттердин бир катар суроолоруна  жоопторду берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: