Menu

Алтынбек Жунус уулу, ЖКнын депутаты: “Кырсыкка кабылган учак бизге май куюу үчүн кайрылган эмес”

Бөлүшүү:

— Алтынбек мырза, авиа кырсыктын болушуна “Манас” аба майданынын жетекчилигин күнөөлөп жатасыз. Эмне себеп менен?

— Авиа учактын кырсыкка учурашына биздин аба майдандын жетекчилиги күнөөлүү дегенден алысмын. Бирок ошол кырсык болду. Бирок кырсык болом десе айылды эмес, аба майдандын өзүн деле учак басып калышы мүмкүн. Ошондой учурда аба майдан өзгөчө кырдаалдарга даяр эместигин көрсөтүп койду. Миллиондогон, миллиарддаган акчасы бар аэропорт ар кандай кырсыктардын алдын алыш үчүн акчаларды коротоорун айтышат. Аба майдандын техникалары абдан кымбат болот. Ошолордун баарын алабыз дешет да анан өрт өчүрүүчү, медициналык жана ар кандай кырдаал учурунда жетишсиздиги таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Жабыркагандардын айтымына караганда аба майдандын өрт өчүрүүчү кызматы 40 минуттан кийин келди деп айтып жатышат. 5 минутта чуркасаң жетчү жерге аба майдандын ушундай учурларга даяр эместиги көрүнүп калды. Атайын окууларды өткөрүп, даярдык көрүш керек болчу. Ушул тууралуу сурайлы деп аба майдандын жетекчисин комитетке чакырсак таптакыр келчү эмес. Кырсык болгондон кийин орун басарлары келип тагыраак жооп бере албай коюшту. Эң көңүл бурчу нерсе ӨКМнын өрт өчүрүүчү кызматына биринчи чалуу катардагы жарандан болуп жатат. Бул деген аба майдандын кызматы өзгөчө кырдаалдар кызматы менен бирге таптакыр иштешпегенин билдирип турат. Баардык нерсеге даяр эмес экен.

— Бүгүн депутаттардын бири аба майданды бухгалтер башкарып жатат деп айтышууда. Бул жөнүндө маалыматыңыз барбы?

— Мен аны Кудай акы укканым жок. Бул кызматка таптакыр авиацияга тийешеси жок адамдар келип калган деп адамдар айтышат. Ишенбей, иштин жүрүшү жакшы болот десек жасаган иши ушул болду. 25 жылдан бери жүздөгөн жарандарыбыз авиа кырсыктан каза тапты.

— Биздин аба майдан дагы деле кара тизмедеби?

— Эң өкүнүчтүүсү дагы ушул болуп жатпайбы. Дүйнөлүк атайын кара тизмеде дагы деле жүрөбүз. Казакстан бизден кийин кирди эле, бизден мурун чыгып кетти. Кара тизмеге кирди деген сөз Кыргызстанда учуу кооптуу дегенди билдирет. Кыргызстандын учактарына олтурбагыла, аба майданына конбогула деген сөз. Мунун баары ушулар менен далил болуп атат. Алардын өздөрүнүн талаптары бар. Ал талаптардын бири мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү болчу. Мыйзам актыларын өзгөртүп бергенбиз. Андан ары алгылыктуу ишин көргөн жокпуз. Кара тизмеден чыгаарыбыздын убактысын апта башында болгон кырсык көп жылдарга жылдырып койду окшойт. Авиаторлордун арасында айтылып жактандай бухгалтерлер жүрсө кантип кара тизмеден чыкмак элек. Кырсыктар боло берет, жарандар каза таба берет. Комиссиянын жыйынтыгы чыга электе бир нерсе деш оор. Ошентсе дагы авиаторлордун айтымына караганда «Боинг» учагындагы аппараттардын жардамы менен учактар туманда деле коно берсе болгудай экен. Ушул тарапта иш алып бара албай жатышат.

— Үйлөрдү аба майданга жакын салганга болбойт болчу деп да чыгышты. Бул тууралуу кандай пикир айтасыз?

— Мен буга кошулбайм. Так эле борбордун ортосунда аба майдан бар. Учуп чыксаң эле шаар. Алматынын аба майданы деле борборунда болбосо да тегерегинин баары үйлөр салынган. Мындай мисалдар көп эле. Боинг- 747 акылдуу учактар. Адам жок болсо деле конот. Биз тараптан дагы андай каражаттар жетишпейт. Аягы чыгып келип иштин жакшы жагын көрсөтүшсө жакшы болмок. Кара тизмеден чыгып, учактарды алып, аэропортторду оңдоп иштесе макул демекпиз. Былтыр 15 долларга учуунун баасын көбөйткөндө жакшы иштерди жасаганга каражатыбыз жетпей жатат деген. Акчаны көтөргөнү көтөрүп ишти жасашпаптыр. Кырсыктар кайталанып жатса, жок дегенде кырсыктан кийинки аракеттерге даяр эмес болсо аба майдандын жетекчилигинин ал жерди мындан ары башкарып олтурганга моралдык дагы укугу жок. Арыз жазып берип кетсин, ал жерде тажрыйбалуу адамдар келип иштесин.

— Учактын кантип кулаган видеолору интернетке чыгыптыр. Көрдүңүз да, кандай пикирде калдыңыз?

— Видеолорун көрдүм. Учак кулап сүрүлгөн жердин баарын майы чачырап өрт жалын каптаган. Демек, кырсыкка кабылган учак бизге май куюу үчүн кайрылган эмес.

— Демек түрк аба компанияларынын Кыргызстанга жүк алып бара жаткан дегени чын чыгып жатабы?

— Географияны жакшы билген адам Гонконгдон учкан учак Кыргызстандан эч качан май куйбайт. Түштүктөн учуп кайра түндүккө кетип жатат. Мен Москвага учуш үчүн Турцияга конуп май куюп анан Москвага кетпейм да. Гонконг каякта, Турция каякта, биз кайсыл жактабыз. Логикалык жактан алганда жүк алып келе жатканы чын маалымат деп эсептейм.

— Демек өкмөт калп айтып жаткан турбайбы?

— Өкмөттүн аба майдан менен тыгыз иштешпегенинин белгиси ушул. Аба майдандын башчысы чындыкты айтып берсе өкмөткө калп айтып эмне жанына күч келди дейсиз. Ал жерде өкмөткө өтө жашыруун нерсе болсо бир жөн. Жүк келип түшмөк деп жатышат. Жүк жөн эле келе калбайт. Учак деген автобус эмес да жөн эле конуп анан жүгүн таштап кеткидей. Учак Гонконгдон чыгып бара жатканда жүк алып бара жатабыз деп айтылат, документтер, атайын товарларды ташый турган техникалар келет. Демек мунун баарын өкмөт тактап, калп айтып жатабы, чын айтып жатабы аныктап анан маалымат таратса болмок. Айылга дүйнөлүк практикада компенсация төлөнөт. Бул жерде Түрк авиа жолунун көңүл айтуу менен бирге акчасын төлөйбүз деген маалыматтарын окуп жатабыз. Алар каза тапкан жарандардын жакындарына компенсация төлөп берүүгө милдеттүү.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: