Жөн гана интернет айдыңынан 3-декабрдагы кырсыктар, суук кабар деп жазсаң, жер-жайнаган кырсыктардын тизмеси чыгат. Окуганга үлгүрбөйсүң. Бир мүнөттө дүйнө жүзү боюнча 32 кабарга көз жүгүрткөнгө үлгүрдүк.
Орусиянын Оренбург шаарында көпүрөнү оңдоп-түздөп жаткан учурда көпүрө кулап кетти. Краснодар крайында жүргүнчүлөрү менен кошо автобус күйүп кетти. Францияда тикучак кулап, кишилер өлдү. АКШнын Техас штатында учак кулап, 3 киши “мүрт” кетти. Бурятияда үч жашар кызды түнүчүндө 15 градус суукка калтырышкан. Саратов облусунда музга тоңуп калган ымыркайдын сөөгү табылды. Забайкальеде автобус кырсыкка учурап, 19 киши каза болду. Москвада үч киши окко учту. Казакстанда автобус ала салып, 7 киши курман болду. Мексикада ээн жерден кишинин кесилген башы табылды. Белгороддо мектеп окуучусу мугалимди сабап салды… Карасаң, аягы түгөнчүдөй эмес…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ