Menu

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору окутуу иштерин улантууда

Бөлүшүү:

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү семинар-тренингдерди өткөрүүнү улантууда. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган окуу иштери 15-17-март аралыгында Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн уюштурулуп, Окуу-маалымат борборунун тажрыйбалуу методисттери тарабынан иштелип чыккан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү заманбап окуу куралдары жана электрондук окуу каражаттарын колдонуу менен өттү.

“Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын” негизинде ишке ашырылып жаткан окутуунун жыйынтыгында Сокулук жана Москва районунан 80 кызматкер тастыктама алды”-деп билдирди Окуу-маалымат борборунун директору А.Исманкулова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: