Menu

Текебаев менен Чотонов эч далили жок абакта кармалууда

Бөлүшүү:

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга соттогон судья Айбек Эрнис уулу эмне үчүн элдин каргышына калды? Себеби абдан эле көп. Көп жагдайларга көңүл бурбай эле буйрукту аткарып өкүм чыгарды. Өмүрбек Текебаев 26-сентябрь күнү Бишкек шаардык сотунда Айбек Эрнис уулу эске албаган эки маанилүү жагдайды айтып өттү.

Биринчиден, Маевский менен Модин 2010-жылдын май айында жана андан кийин дагы «Текебаев, Чотоновдор менен телефон аркылуу сүйлөшүп турганбыз» деп билдиришкен. Модин аркылуу акча берип жибергенин, ал акча дарегине жеткенин тактоо үчүн Текебаев жана Чотонов менен телефон аркылуу күндө сүйлөшүп тургандыгын тергөөдө дагы айткан. Мына кылмыш ишин козгоонун негизги себептеринин бири ушул.

Чотонов 2010-жылы «Мегаком» уюлдук компаниясынын кызматын колдончу экен. «Мегаком» компаниясынан «2010-жылдын май айынан тартып 31-декабрга чейин Чотонов Маевский менен же анын жакындары менен бир дагы жолу телефондук сүйлөшүүдө болгон эмес» деген жооп келди. Текебаевдин дагы ошол кездеги «О» компаниясынын кызматын колдонуп жүргөндөгү телефон сүйлөшүүлөрүн текшергенде, 2010-жылдын май айынан тартып 31-декабрына чейин бир дагы жолу Маевский, Модин же анын жакындары менен байланышка барган эмес. Текебаевдин жакындары менен дагы Маевский тараптан сүйлөшүү табылган жок.

Экинчи бир эске алынбаган далил: Модин менен Маевский «2010-жылдын декабрь айында Текебаевдерге жолуктук» деп билдирген. Модин 2010-жылы 22-ноябрда Кыргызстандан чыгып кетип, ошол жылы кайра Кыргызстанга кирген эмес, тактап айтканда, Кыргызстанда болгон эмес. Андан кийин кайсы убакта учуп келгендиги тууралуу маалымат алына элек.

Урматтуу окурман, бул соттук иште Маевскийдин айтканы менен өкүм чыгарган соттун, айып койгон башкы прокуратуранын далилдери такыр дал келбеген бир нече маалыматтар бар. Ал маалыматтарды өз убактысы менен жарыялап турабыз.

Мына ушул так далилденген маалыматтар менен Текебаев менен Чотоновду сот залынан толук бошотууга 100 пайыз мүмкүнчүлүк бар. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду эч бир далилдүү күнөөсү жок абакта кармоонун өзү мыйзамсыз. Бирок, «Мегаком» сатылып бүткүчө, шайлоону өткөрүп алгыча, айрым коркоктор байлыктарын чет өлкөгө ташып бүткөнчө Текебаевди бошотпоо максаттары бар окшойт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: