2019 жылдын 1-2 июлунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Чолла-Пукто ɵрɵɵнүнɵ иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу жана эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарын активдештирүү маселеси сапардын негизги максаты болду.
Аталган ɵрɵɵндүн Ванджу жана Чинан аймактарында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктɵрүн, туристтик жана инвестициялык потенциалдарын чагылдырган презентация ɵткɵрүлдү. Ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү айтылып жана комуздун күүлɵрүн камтыган концерттик программа тартууланды. Ванджу жана Чинан шаарларынын мэриясынын имаратында Кыргызстандын органикалык продукцияларынын жана улуттук кийимдеринин кɵргɵзмɵсү ɵттү.
Ванджу шаарынын мэри Парк Сунг Иль мырза менен болгон маектешүүдө Кыргызстанды санариптештирүү жана аймактарды ɵнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берилди. Ошондой эле Ванджу жана Жалал-Абад шаарларынын ортосунда кызматташтык мамилелерин орнотуу боюнча ой сунушталды.
Чинан шаарынын вице-мэри менен болгон жолугушууда эки ɵлкɵнүн аймактар аралык кызматташтыгы талкууланды жана кореялык тарапка Кызыл-Кыя шаары менен кызматташтык мамилелерин орнотуу боюнча Меморандумдун долбоору тапшырылды.
Элчиликтин делегациясы «Local Food» долбоору менен таанышты. Бул долбоор региондорду ɵнүктүрүүгɵ жана жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталган.
Кореянын туристтик агенттиктери Кыргызстанга туристтик турларды уюштуруу менен бирге Кыргызстандын туристтик аймактары жɵнүндɵ документалдык фильм тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ