Menu

“Акылдуу” эсептегичтердин акылсыз иштери

Бөлүшүү:

«Улуттук энергетикалык хол­динг» компаниясынын өкүлдөрү акылдуу эсептегичтерди коюу менен электр тогун уурдоо 11 пайызга төмөндөдү деп мактанып жатканы менен, электр тогун эсептегичтердин туура эмес иштеп жаткандыгын айтып, жарандар нааразы болушкан. Электр энергиясына болгон төлөмдөр январь айынан баштан бир эмес, эки эсе ашык чыккандыгын миңдеген жарандар байкаган.

«Өткөн айда үч жылыткыч сайганда, акысы 800 сом чыккан. Январь айында бир жылыткыч сайсак 1800 сомдон ашык чыгып келиптир» дейт Бишкек шаарынын тургуну Наргиза Абдылдаева. Ал эми Гүлсара Жээнбекованьн үйүнө акылдуу эсептегич жай мезгилинде коюлган. Алгач кандай эсептеп жатканына көңүл бурган эмес. Кийинчерээк суук түшүп, электр жарыгын көбүрөөк жага баштаганда көп эсептеп жатканын байкаган. Өткөн жылы эки бөлмөлүү үйүн жылытканда 2000 сомдой төлөп келсе, учурда 3000 сомдон жогору төлөп жатка­нын айтат. «Бирок азырынча көп чыгып атат деп айтыш кыйын. Жазында жылыткыч токтотулганда кандай төлөп атканыбызды салыштырып көрөм. Менде өткөн айлардын квитанциялары бар» дейт ал.

«Акылдуу электр эсептегичтер» туура эмес эсептеп жатка­нын Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев сессияда айтып чыкты. Нааразы болгон абоненттер менен катар инспекторлор бул эсептегичти сатып алууга мажбурлап жатканын кошумчалаган. Аны менен катар эл өкүлү электр энергиясын пайдалангандыгы боюнча маалымат бирине көп, экинчисине аз келгенин да козгогон.

«Түндүкэлектр» ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиеванын маалымдашынча, “акылдуу” эсептегичтерден сиг­нал серверге “Сапатком”, “Би­лайн” жана “Мегаком” уюлдук операторлору аркылуу түшөт. Декабрь айында “Сапаткомдун” өзүндө чыккан көйгөйлөрүнөн улам айрым участкадагы маалы­мат алуу процесси үзгүлтүккө учураган. Мындан улам жарандарга декабрь айы үчүн эсеп мурдагы айлардыкына теңелип, орточо баа жиберилген. Би­рок анын айырмасы кийин кайра эсептелип чыгып, январь айына кошулгандыктан, акыркы эсептер керектөөчүлөрдү чочутушу мумкун. Мураталиева автоматташтырылган эсептегичке сырттан же ишкананын кызматкерлери тарабынан кийлигишүү болушу мүмкүн эмес деп ишендирет. Би­рок айрым абонентгердин колдонгон электр энергиясына аз эле төлөм келүүдө. Мындан улам жабдууларда мүчүлүштүк бар де­ген ой жаралат.

13-февралда Бишкектеги электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Максат Сагындыков электр энергиясьша көп төлөм чыгып жаткандыгына “Түндүк электр” мекемесинин күнөөсү жок деп билдирди. Анын айтымында, «акылдуу» эсепте­гичтерди орнотуу электр энергиясын жоготуунун алдын алат. Өткөн жылдары электр энергиясын жоготуу 20 пайыздан ашуун болсо, 2016-жылы 12 пайыз бол­гон.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 13-февралда электр энергиясынын коммерциялык эсебин функционалдык автоматташтырылган маалыматтык-

эсептөө системасы же болбосо “акылдуу эсептегичтер” боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчысы акыркы кезде «акыл­дуу эсептегичтердин» иштеши боюнча жарандар тарабынан көп даттануулар айтылып жатканын эскертти. Бул туурасында «Улут­тук энергетикалык холдинг ком- паниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев «Биз тараптан бардык абоненттер ме­нен тиешелүү иштер өткөрүлүп, колдонулган электр энергия­сынын так өлчөмүн билүү үчүн рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Расмий түрдө абоненттерден 350 даттануу келип түшкөн, анын 331 экспертиза жургузулуп, алар доом жок деп кайра жазып беришти. Калган даттануулар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен керектүү текшерүү иштери жүрүп жатат» деп билдирди. Ал мындай абал 2016-жылдын декабрь айын­да жана 2017-жылдын январь айында техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыкканын кошумчалады. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол бербөөнү жана азыркы абал боюнча абоненттердин «акылдуу эсептегичтер» тууралуу кайрылуусуна даректүү жана ыкчам жооп берүүнү тапшырды.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: