Menu

Бакиевдин портретин тартпай койгон сүрөтчү

Бөлүшүү:

 

Эмгеги жогору бааланган сүрөтчүлөрдүн катарын толуктаган Туман Жумабаев Путинди Самурайга салыштырган. Курманбек Бакиевдин сүрөтүн тартууну каалаган эмес.

“21-кылымдын Рембранд­ты” аталган кыргыз сүрөтчүсү, АКШ сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү Туман Жумабаев 30 жылдан бери Питерде эмгек кылууда. Азыр ал Орусиядагы эң кымбат сүрөтчүлөрдүн катарына кирет.

Кезинде орусча билбей эле Питерге баса берген, азыр бир топ ийгиликтерди багындырган 55 жаштагы Туман Жумабаев Путин, Акаев сыяктуу саясатчылардын портретин жараткан. Ошол эле кезде Назарбаев, Бакиев сыяктуу президенттердин сунушунан баш тарткан.

1980-жылы Туман Жумабаев орус тилинде болгону элүү-алтымыш сөз билчү. Сары-Челекке жакын Кара-Суу аймагындагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөн сүрөтчү билим алуу үчүн Ленинград шаарына, азыркы Санкт-Петербургга жөнөгөн. Бул калаа орус сүрөтчүлөрүнүн уюгу, көркөм өнөрдүн каймактары топтолгон жер эле. Алгачкы чыгармачыл жылдарын Жумабаев мындайча эскерет:

– Олимпиада болуп жаткан жылдар эле. Орус тилин билбесем да тобокелдикке салып баса бердим. «Здравствуйте, до свидания» сыяктуу саналуу сөздөрдү эле билем. Мындайча айтканда, кыргызча эле сүйлөп жүргөм. Алгач паркет жасага ды үйрөткөн окуу жайга – ПТУга окууга кирдим. Бир жылдан кийин Серов атындагы Ленинград көркөм окуу жайынын рестав­рация факулътетине тапшырдым. Андан соң Көркөм өнөр академиясына өттүм.

Аталган академия абройлуу окуу жай саналган. Ал жерге таланттуу гана балдар кабыл алынчу.

Сүрөтчүлүктү кесип эмес, табият берген талантты тартуулоо, жаратылыш сунуштаган милдетти миссия катары аткаруу деп эсептеген Туман Жума­баев Советтер Союзунда жана Чыгыш Европада эң консервативдүү таалим системасы менен таанылган Репин атындагы Ис­кусство институтун да аякгаган:

-Чын айтканда Питер мектеби өтө консервативдүү эле. Менимче, ал кездери бардык мектептерде консерватизм жана темирдей тартип колдонулган. Балким аны консер­ватизм деп атаган деле туура эместир. Эреже деп койсок болчудай. Чынында, сүрөт тартуу жана талдоо усулун үйрөнүү үчүн консервативдүү билим да керек. Мен академияга беш мүнөт кечиксем, деканатка түшүнүк кат жазар элем. Мектеп бизге күчтүү пайдубал болду. Жакпаса кетиш керек. Талант­ты андан ары өнүктүрүү адамдын өзүнөн. Мен тартиби катаал мектепке ыраазымын.

Туман Жумабаевдин чыгармалары Орусиядан тышкары Европанын Вена, Варшава, Па­риж өңдүү шаарларындагы музейлерден орун алган.

Боёк менен тарткан чыгармаларынын арасында жараты­лыш, портреттер, тарыхый сүрөттөр көп.

2006-жылы Москвада Кремлдин Колонналар залында анын сүрөттөрү «Нурдуу Рембрандт» деген көргөзмөгө коюлган. Сынчылар Жумабаев жөнүндө «XXI кылымдын Рембрандты» деп жазышкан.

-«Рембрандт» деген атты студент кезимде уккам. Айылда өскөн болсом, дүйнөлүк таанымал инсандарды кайдан билейин. Биринчи курста окуп жүргөн кезимде окутуучу мага «Сен Рембрандтка окшоп сүрөт тартат экенсиц» деди. «Рембрандт деген ким?» деп таң калып сурадым. Эртеси күнү Эрмитажга барып ошол улуу сүрөтчүнүн чыгармаларын көрдүм. Жума сайын барып турдум. Ошондон тарта Рембрандт мага устат болду. Ыйык киши катары тааныдым, – дейт сүрөтчү.

Туман Жумабаев Ван Гог, Чуйков сыяктуу алптарды да устат катары эсептейт. Айрыкча, нидерландиялык Ван Гогдун чыгармаларын сүйөт. Ага окшошконго аракет кылат. Бирок айырмасы – Винсент Ван Гог бир да чыгармасын сата албай, жакырчылыкта күн өткөргөн. Туман Жумабаевдин сүрөттөрү өтүмдүү. Санкт-Петербургдун борборунда «Туман-арт» аттуу галереясы бар:

Мен бай эмесмин. Бирок өзүмө жетет десем болот. Бардык зарыл нерселер бар. Муктаждыгым жок. Дүйнөнүн каалаган жерине каалаган учурда бара алам ага карабай, мен моралдык байлыкты материалдык байлыктан өйдө койгондордун катарына кирем. Сүрөттөрүм 50 миң еврого, кээде андан да кымбат сатылган. Менден алгандар дагы кымбатка сатып жатышат. Сүрөтүм сатылбай калды деген кишилерге «иштегиле, аракет бар жерде берекет болот» деп айтам.

Көркөм өнөр серепчилери Жумабаевдин чыгармаларын эң өтүмдүү сүрөттөр деп сыпатташат. Ташкенттик сынчы Акмал Ризаев Жумабаевдин чыгармачылыгы тууралуу буларды айтат:

– Чыгармалары кымбат бааланган заманбап, реалист сүрөтчү. Ал тарткан Владимир Путиндин портретинин алгачкы эле баасы 30 миң евро болгон. Азыр ал сүрөт Путиндин коллекциясында жүрөт. Белгилүү кылышты. Путин менен жолуккан эмесмин. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев менен жакын досмун. Достугубуздун урматына анын портретин тарттым. Ага аябай жакты. «Менин сүрөтүмдү көпчүлүк тарткан, бирок сенин эмгегщ эң мыкты» деп айткан. Кийин бийлик алмашып, Курманбек Бакиев президент болду. Ал Питерге келгенде мени жолугушууга чакырды. Эмнегедир, ага кезигүүнү каалабадым. Сүрөтүн да тартпадым. Мен аны жакшы президент катары кабыл алган эмесмин. Балким ал жакшы мамлекет башчы болгондур, бирок менин көңүлүм болбоду.

Үч уулду тарбиялаган Туман Жумабаев тоолордун сүрөтүн тартууга көбүрөөк ышкыбоз экен. Муну Кыргызстандын опера ырчысы Елена Образцованын портрети да кымбат бааланганын билем. Олигархтар ортого адом салып, Туман Жумабаевге Назарбаевдин портр тине буйрутма бергенин, бирок Туман андан баш тартканын уккам.

Каарманыбыз Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин портретин да тарткысы келген эмес. Ба­киев аны жолугушууга чакырганда да барбай койгон экен:

– Путинди алгач телевизордон көргөм. Анын көз карашы мага самурайлардын элесин берген. Ушундан улам самурайга окшош сүрөтүн тарттым. Кийин Путиндин тегерегиндеги кишилер келип, сүрөттү сатып алып, орус президентше белек кылып алып кетишкен. Чыгармачылыгын Тоолуу аймакта төрөлүп өскөнүнө байланыштырган сүрөтчү мекенине тез-тез келип турса да, жүрөгүндө Ата журтка болгон сагыныч орноп алганын белгилейт:

– Сагынам, Кыргызстанга тез-тез каттап турам. Төрт жыл мурун Ысык-Көлдө саясатчылар, бай кишилер менен жолугушкам. Аларга искусствону көтөрүүнү сунуштагам. Сүрөтчүлөргө жардам бериш керектигин айткам. Алар болсо «азыр абалыбыз начар, качан абалыбыз жакшырганда гана сүрөтчүлөргө жардам берип, искусствого көңүл бурабыз» деп жооп беришкен. Эгер ушундай ойдо жүрө берсеңер, мамлекет такыр өнүкпөйт деп айткам…

 Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: