Menu

Эрнест Шакитов, блогер: “Кыргыз-тажик же кыргыз-өзбек чек ара талаштарын чечүүнүн бир гана жолу бар – бул бийликтин айтканын угуп, “сызгыч” ыкмасын пайдалануу”

Бөлүшүү:

Блогер Эрнест Шакитов кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларындагы талаштуу жерлерди чечүү боюнча талаштуу пост жазып жарыялады:

“Президент 3 жылдын ичинде чечип койсо болот эле, президент 3-жылдын ичинде барып койсо болот эле, президент 3-жылдын ичинде тигинтип койсо болот эле” деген түшүнүгү жок Фейсбуктагы эксперттер дагы ойгонушуптур кыскасы.

Силер ойлогонду 30 жылдан бери Акаев, Бакиев, Атамбаевдер ойлоно беришип чече албай коюшкан.
Биздики эле эмес, алардын 30 жылдан бери олтурган Эмомали Рахмон, Ислам Каримов, Шавхат Мирзиёевдер дагы чече албай келе жатышат.

Таджиктер менен өзбектерге пайда жок, биз менен жер талашып согушкан. Алар тескерисинче бизден коркушат, эгерде границада эки мамлекеттин ортосунда чоң ызы-чуу чыгып кетсе, бизге эмес, аларга да кыйын болот.

Майда тил менен түшүндүрүп берем: мисалга, тажиктер менен биз жер талашып согушуп кетсек, бизде өз ара ортобузда эчтеке болбойт. Ал эми тажиктердин өз ара ичинде өтө чоң ызы чуу болот. Эмомали Рахмонду жаман көргөн таджиктер өтө көп, “Кулябскийлер башкарып жатат” деп аларда өз ара тымызын согуш жүрүп жатат. Булар 3-4 кө бөлүнүп кетишет. Бири-бирлерин өтө жаман көрүшөт.
Эгерде ортобузда ызы-чуу чыкса эле, тажиктердин ичинде өз ара граждандык согуш, же мамлекеттик төнкөрүш болот. Ал нерсени Эмомали Рахмон дагы, и анын командасы дагы каалабайт.
Булар кандай болгон чээнде дагы, ызы-чуу кылбаганга аракет кылып жатышат. Жанында Афганистагы талибдер турат, Таджикистанда ызы-чуу башталса эле алар тигил жактан көчүп киришет.

Ошондой эле Өзбекстанга дагы пайда жок, кичине жер үчүн биз менен согушуп.
Эгерде Өзбекстан менен согушуп кетсек эле, аларда ИДУ (Исламское движение Узбекистана) деген террордук топтор бар, азыркы Шафкат Мирзиёевдин бийлигине каршы. Алар чыгышат, Өзбекистанды ислам мамлекети кылабыз дешип.
Ошондой эле Америка, Россия деген чоң оюнчулар дагы киришип кетишет.
Ошондуктан аларга дагы пайда жок, биз менен кичине жер үчүн ызы-чуу кылганы.

Азыркы майда-чүйдө болуп жаткан ызы-чуу бул тастыкталбаган чек аралардын айынан болуп жатат. Тажик тарап 1930-жылдагы картаны көргөзүшүп, бул биздин жер деп жатышса, биздики 1950-жылкы картаны көргөзүп бул Кыргызстандын жери деп жатабыз.
Биздин сунушубуз аларга жакпай, алардын сунушу бизге жакпай жатат.
Ушул нерсени түшүнсөңөр, калп эле интернетте “баатыр”  боло бербей.

Мен мындан 20-25 күндөй мурун Баткендеги Көк-Таш айылына баргам, Исхак Раззаковдун суу сактагычын көрүп келгем. Барып өз көзүм менен күбө болуп келдим, ал жерде тажик менен кыргыздар “шахмат”  болуп аралаш жашаганына.
Андай “шахмат” жерлер Баткенде өтө көп экен.
Ошол “шахмат” болуп жашап калгандын себебинен дайыма ызы-чуу болуп келебиз дешип ошол жердеги жергиликтүү тургундар өздөрү айтышты. Ошондой эле Исхак Раззаковдун суу сактагычынын айынан дагы суу талашып дешти.

Ошол жердеги акылдуу адамдар айтышты, чек-араны бөлүш үчүн бир эле жол бар дейт.
Ал жол – “Линейка” жолу менен бүтүрүп коюш керек.
Бул тарабы Тажикистан, бул тарабы Кыргызстан деп туруп тигил “шахмат” болуп жашаган элдин ортосуна линейка таштап коюш керек дейт. Каалаганы Тажикистанга, каалаганы Кыргызстанга өтүп жашай берет.
Тажик тарап макул болушат эгерде Кыргыз тарап линейка кылабыз дешсе, себеби тажиктер президенти Эмомали Рахмондон өтө коркушат, сөзүн эки кылышпайт дейт.
Линейка кылып таштаганга биздин ээн баш Кыргыз тарап макул болушпайт деп ошол жердеги 1-2 акылдуу аксакалдар өздөрү айтып беришти.
Мамлекет линейка кылайын десе, биздин Кыргыздар “жерди сатып жатат, биздин Ата-Бабаларыбыз жашаган жер” деп ызы-чуу кылып жатышып ушул убакка келдик дейт.

Ээн баштыгыбыз үчүн жер бөлүнбөй жатат, болбосо “линейка” кылып бөлүп койсок болот эле дешти.
Бишкектен министр, депутат, ж.б. чоңдор Баткенге келгиси келбейт.
Себеби алар Баткенге келген сайын элдерден уруш, сөгүш уга берип жадашты дейт.
Ошого эмне болсоңор ошол болгула деп анча көңүл бурбай жатышат, эгерде биз мамлекеттин чек-ара саясатына киришпесек, башта эле тажик бийлиги менен биздин бийлик “линейка” кылып бөлүп коюшмак.
Биз ызы-чуу кылып жатып, мамлекеттин талабын укпай жатып ушул күнгө келип жатабыз, биз Кыргыздар ызы-чуудан кандай жадасак, карапайым тажик тарап дагы ошондой жадашты дейт.

Ал эми өздөрүн көрсөтүш үчүн ал жерге Ташиев барып сүйлөп койсо аны баатыр кылып, Мадумаров барып ырдап койсо аны келечектеги президент кылып жатасыңар.
Бул нерсе акылыңардын жетишпегени деп ойлойм. Эскилердин эски сөздөрүнөн жадай элек экенсиңер.

Болбосо Ташиев убагында МЧСте иштегенде эмнеге Баткен үчүн чуркап ошол убакта киришпеди?
Мадумаров дагы бийликте турганда эмнеге бүтүрбөдү?
Ташиев өзүнчө кыйын болуп “забордон”  секире коюп камалып чыккан. Чыккандан кийин сүйлөгөн сөзү эсиңердеби?)
Менин эсимде мисалга!
Чыгып алып, кандай болсо дагы азыркы президентибиз Алмаз Атамбаевди колдошубуз керек деген жери бар.
Ошол адам баатырбы? Эки ай камалып алып жүрөгү түшүп калган.
Лидер деген андай болуп сынбаш керек болчу, аягына чейин кетиш керек эгерде чыныгы Лидер болсоң!

Быйыл шайлоо, эскилердин баарысы упай топтош үчүн түрлүү сүйлөп, түрлүү оюн кылып, түрлүү элге жардам беримиш болуп жатканын силер сезбей, и акылыңар жетпей жатат.
Түшүнөм жатам силерге, кээ бирөөңөр мекен үчүн күйүп атып жатасыңар, кээ бирөөңөр “лайк”  үчүн айтып жатасыңар, ал эми кээ бирөөңөр такыр эле билбейсиңер, эмне деп жатканыңарды.

Майда-чүйдө катыны, кемпири, чалы, жашы, ошондой эле анча-мынча Ташиев, Атамбаев, Мадумаровга окшогон саясатчылардын тарапкерлери, саясат талдоочулар, саясатка аттанып жаткандар деле чек ара боюнча адис болуп алышыптыр.
Силер жөн эле олтурбадыңар да, андай кыргызга күйөт экенсиңер жардам кылгыла, Баткен жака барып.

Кыскасы мындай, чек араны “линейка” кылып бөлүш керек, андан башка жол жок.
Тажик тарап 1930-жылкы картаны, Кыргыз тарап 1950-жылкы картаны көргөзө берет.

“Чек араны жаап коюш керек, же болбосо согушуш керек” деген сөздөр бул акылсыздыктан айтылган сөздөр.
Ал нерсе менен мамлекет 6 эсе артка кетет, миграция саны 4 эсеге өсөт. Андан сайын кыйынчылык болот.
Кан төгүлүү боюнча айтпай эле койоюн,
Кудай өзү сактасын.

Бул чек ара маселеси азыр эмес, 10 жылдан кийин эмес, келээрки 20 жылдын ичинде чечилет.
Каалайбызбы, каалабайбызбы баары бир убакыт талап кылынат.
Бирок, эртеби-кечпи чечилет Буюрса!

Эрнест Шакитов, блогер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: