Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кечээ, 23-мартта, мамлекеттик ишканаларды башкарууну оптимизациялоо маселеси боюнча өткөн жыйында: «Ведомстволор аралык комиссия мүчөлөрү бир айлык мөөнөттө мамлекеттик ишканалардын чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн себептерин аныктап чыгуусу керек» – деп билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын малыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
«Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго караштуу 58 акционердик коом жана 164 мамлекеттик ишкана бар. Аталган ишканаларга жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, алардын көпчүлүгү натыйжасыз болууда. Мамлекеттик ишканалардын сезилээрлик бөлүгү чыгашалуу», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.
«Комиссиянын курамына кирген экономикалык тармактагы министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир айлык мөөнөттө мамлекеттик мекемелердин, мамлекеттин катыштыгы бар акционердик коомдордун чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн себептерин аныктап чыгышат. Ведомстволор аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлөт», – деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ