Menu

Зулпукар Сапанов: “Алманбет кытай, Каныкей тажик эмес, алар – Кыдырдын урпактары!”

Бөлүшүү:

Касиеттүү Кыдыр атабыздын эскирген изин тазалап, жакшылыктын шооласын жандыруу максатында кирдеген, бузулган, ылайланган дүйнөнү агартуу ишине чыйыр салып, бир топтон бери маңдай терди төгүүдөбүз. Бул сапар “Манас” баянындагы Алманбет менен Каныкей тууралуу кеп учугун козгойбуз. Дегенибиз, буга чейин Алманбет баатырды кытай, Каныкей энебизди тажик деген маалыматтар айтылып, кыргызга ыйгарылбай келген эле.

Мындай алешемдиктин төркүнү Кыргыз деген этнонимдин башы ачылбай, түпкү тамыры аныкталбай, жандырылбай, түйүндүү табышмакка айлангандыгында жатканын эч кимибиз тана албайбыз. Анткени, окумуштуулар Кыргыз сөзүн түрдүү багытта чечмелеп, элдин башын айландырып, бүгүнкү доорго чейин данегин тапкан жок. Ушул боштукту толтуруу максатында санжыраны, тарыхты терең иликтеп, этнонимдин тамыры Кырк Кыдыр, Кырк Кызыр, кыскарып Кырк кыз, анан барып Кыргыз болгонун далилдер менен аныктап, аталыштын башатында Кыдыр атабыздын ысымы жатканын жазганбыз. Албетте, Кыдыр атадан эч ким таналбайт, бирок жөн гана куру сөз менен айтканыбыз ишенимди жаратышы кыйын, ошондуктан айтылган нерсени тастыктоо үчүн “Кыдыр санжырасы” аттуу китепке кеңири тизип, “Нуска” дүкөнүнө койгонбуз. Анда Манас бабабыздын ата-жотосунан баштап, Бакай, Кошой, Акбалта, Чубак, Көкөтөй, Бокмурун, Эламан, Эр Төштүк, Кыз Сайкал, Куялы, Айчүрөк, Жаңыл-Мырза, Курманбек, Жаныш-Байыш, Муңдук-Зарлык ж.б. элди коргогон баатырлардын баары Кыдыр атабыздын урпактары экендиги так далилдер менен бериленген. Азыр биз Алманбет баатыр тууралуу сөз баштасак, ал Азиз хандын канынан жаралган баласы эмес, Кыдыр атабыздын касиети аркасында Нурдан бүткөн урпагы экендиги “Манас” баянында так жана даана белгиленген. Анда сөздү созбой ток этээр фактыны карасак, Алманбет атабыз Манас бабабызга минтип айткан жери бар:

Ботодой боздоп жүргөндө,

Ошондо кирген түшүнө,

Ак сакал чал, дубана

Чыбыктай чырпык балдардан

Кыдырата жыйыптыр:

Нурдун кызы ушул – деп,

Ошол келген дубана,

Нурдун уулу ушул” – деп,

Түнүндө ике кыйыптыр.

Таң кашкайып сүргөндө,

Жерге жарык тийгенде,

Төшөктөн энем турганда,

Кусул суусу кылганда,

Койнундагы жаш бала

Көздөн кайып болуптур.

Кайып болгон баланы

Кайра дагы көрсөм – деп,

Качан болсо оюнда,

Талгак болуп калыптыр,

Үч айлык бала боюнда.

Энеме кубат минтип таралган,

Куру кытай дей берип,

Күйгүзбөгүн, эр Манас,

Менин уругум актан жаралган! [“Манас”, С.Каралаев, Б., 2010. 600-б.]

Андан кийин кудуреттүү Кыдыр атабыз Манас баш болгон бабаларыбыздын атын койгондой эле, Алманбет баатырдын ысымын дагы ыйык Атабыз өзү койгон экен, ал дагы “Манас” баянында так жазылуу.

“Ойбо” – деп, атым коё албай:

Же: “Шойбо” – деп, атым коё албай,

Кара кытай, калың журт

Болгон экен убара.

Ошол кезде жүгүрүп,

Келген экен көп элге

Ак сакалчан дубана.

“Баланы бере турчу” – деп,

Энекемдин колунан

Алган экен колуна.

Маңдайдан сылап алыптыр,

Атымды “Алмамбет” коюп салыптыр,

“Алмамбет” атым укканда,

Калың жаткан кытайдан

Жөө күлүк кайнап толуптур.

“Кандай ырымдуу жан болду” – деп,

Кармап алып ошондо

Дубананы соёрдо,

Ак сакалчан дубана

Көздөн кайып болуптур. [“Манас”, С.Каралаев, Б., 2010. 604-б.]

Мындан сырткары Кытайдын ханы Коңурбай дагы Алманбет баатыр таза кандуу кытай эместигин баса белгилеген жери бар. Анда Коңурдун сөзүн угалы:

Баскан жерин тамандап,

Эсенкандын өзүнө

Мурун жетип, Коңурбай

Алмамбетти жамандап:

“Коломтодон кор көрдүм,

Өз туугандан зор көрдүм.

Карагаттай кайран көз

Оюп сала жаздады.

Медияндын чөлүндө,

Бээжиндин бер жак жээгинде,

Алкаранын үстүнөн

Алты жол көмө бир сайып,

Кырк төрөм жакын болбосо,

Калчаңды союп сала жаздады.

Өгүздөй минип соорума,

Башымды кесип аларда,

Күлүгүнөн Алгара калды сообума.

Азыз кандын баласы,

Арам сийдик Алмамбет

Буурусунду бурдурбайт,

Буюрбасын калп айтсам,

Бизди бул Бээжинге тургузбайт.

Ушунчада сойбосок,

Талкан кылат бутуңду,

Талкалайт ушу журтуңду!

Азыр он экиде чагы экен,

Ойногон бала табы экен.

Он бешке келсе оң кылбайт,

Жашы он сегизге келгенде

Таксыр, биздин баарыбызды соо кылбайт. [“Семетей”, 1-т. С.Каралаев, Б., 2013. 559-б.]

Ошондой эле Алманбет баатыр актан жаралган Нурдун (Кыдырдын) тукуму экендигин Каныкей энебиз да баса белгилеп, таамай айткан жери бар.

Кечээ, Алмамбет Талас келгенде,

Манаска Кудай бергенде,

Мунун уруусун кытай деп коет,

Уругу урдун тукуму.

Каадасын калмак деп коет.

Кадимки урдун тукуму,

Орою актан жаралган,

Олуя чалыш эр эле. [“Семетей”, 1-т. С.Каралаев, Б., 2013. 684-б.]

Биринчиден, мына бул кашкайган фактыларды окумуштуулар не үчүн көргөн эмес? Экинчиден, бул далилдерден кийин Алманбет баатырды кытай деп айтканга ким батына алат? Дегеним, көзүбүзгө даана тартылгандай, Алманбет баатыр эч кандай кытай эмес, Кыдыр атабыздын касиети менен жаралган, Нурдан бүткөн, өзүбүздүн эле өзөктөн өнгөн бабабыз экен. Албетте, бул жаатта айта турган сөз көп, тилекке каршы, гезиттин бети чектелүү болгондуктан, эми Каныкейге өтсөк, энебиз дагы Кыдыр атабыз жылоологон, ыйык Атабыздын кызы экени “Манаста” так жазылган.

Айтып турсам бул сөзүм

Алдага чындап зар эле.

Үнү угулат, өзү жок,

Энекеңдин ийнинде

Алты айчылык азапты

Азыр дайын кылуучу

Жылаңач бала бар эле? [“Семетей”, 1-т. С.Каралаев, Б., 2013. 467-б.]

2-далил:

Оң ийининде энемдин,

Алты айчылык иштерди

Азыр айтып берүүчү

Жылаңач Кызыр бар эле,

Кайран энем Каныкей

Олуя мындай жан эле. [“Семетей”, 1-т. С.Каралаев, Б., 2013. 704-б.]

3-далил:

“Ай, Каныкей, байкушум,

Телегейи тең экен,

Он эки мүчө кең экен.

Айзакерден көйкашка

Эр туучу күң экен.

Сөөмөйү алтын уз экен,

Ургаачыда болбойт ко,

Өзү олуят кызы экен. [“Семетей”, 1-т. С.Каралаев, Б., 2013. 1164-б.]

Көзүбүзгө тартылгандай, “Манас” баянында алты айчылык иштерди айткан Кызыр (Кыдыр) атабыз Каныкей энебиздин оң ийинде отургандыгын так белгиленген. Баарыбыз билебиз, алты ай мурун боло турган иштерди бул жарык дүйнөдө жалгыз гана Кыдыр атабыз биле алат. Демек, Каныкей кимдин урпагы? Эч ким талаша албайт, Кыдыр атабыздын нукура урпагы болгон. Экинчиси, Олуяттын кызы деп турат, ал Кыдыр атабыздын накта өзүн билдирет. Кыскасы, биз Кыдырга келгенде өзөгүбүздү табабыз. Чачылганыбыз жыйналып, үзүлгөнүбүз уланат. Касиеттүү атабызга келип, бир тамырга бирикмейин биздин келечегибиз түздөлбөйт, алдыга карай жыла албайбыз. Бөтөндөрдү ээрчип, чачылып, тозуп, ыдырап, барган сайын сөгүлө беребиз. Мына азыркы учурду эле карасак, жумурай журтубузду Кыргыз аталышына бириктире албай, үч бутакка бөлүп, “бул кыргыз эмес, анын каны бөлөк” дегендерди чекеден чыгарып жатабыз. Эгер биз Кыдыр атабызга бириксек, санжырага жик салган Оң, Сол, Ичкилик ажырымы талкаланып, элибиз бир өзөккө биригет. Бабаларыбыздын жолуна түшөбүз, анткени бардыгы Кыдыр атабыздын урпактары. Айтор, биз каршылашкан кастыктын эмес, ширелген ынтымактын сөзүн сүйлөп жатабыз. Андыктан, элибиз чукул арада башкы атасына келип, бүт баардыгы жуурулушу керек. Себеби, биз түпкү атабызды эстен чыгарбай, аты менен затына аздек мамиле кылып, акылдын туу чокусунда бүгүнкү күнгө чейин сактап келдик. Азыркы маалда: “Теңирим жалгасын, Кыдырым колдосун”, “Бак карап, Кыдыр даарысын”, “Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун” деген ак баталарда ыйык Атабыздын ысымын туу кылып көтөрүп, кастарлап, шүйкүм кылып келе жатабыз. Демек, биз тез арада Кыдырга келип, адегенде өзүбүздү, андан соң дүйнөнү тынчтыкка жеткирелик.

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: