Menu

Жалал-Абадда 24-март – элдик революциясынын күнү белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-мартта Жалал-Абад шаарындагы Сүйүнбек тейлөө комплексинде 24- март – элдик революциясынын 12 жылдыгы белгиленди. Бул иш-чарага март ревоюциясынын 80ден ашуун катышуучулары катышты. Алгач, 24-март – элдик революциясында каза болгондордун жаркын элесине арналып, куран түшүрүлдү.  Өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров 24-март – элдик революциясынын катышуучуларына КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин куттуктоосун окуп берди. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

–     2005-жылдын 24-мартында  Кыргызстанда биринчи жолу эл толкуп, элдин ой-мүдөөсү жана адилеттүү талабы менен эсептешпей калган бийлик алмашты. Кыргызстан эли үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлдү жана революция жолу аркылуу эл менен такыр эсептешпей калган бийликти алмаштырды. 17-марттагы кандуу Аксы окуясы жана 24-марттагы элдик революция ошол кездеги бийликтин элге каршы жасаган саясатына каршы чыккан ачык-айкын күрөшүнүн үлгүсү болуп калды. Кыргыз эли ар кандай кыйынчылыктарга жана оор сыноолорго ар дайым чыдап келген, бирок бийликтин эки жүздүүлүк менен адилетсиз саясатты алып баргандыгын эч качан көтөргөн эмес.

–    Мындан 15-жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүңгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан бери “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр көкүрөк эл экенинин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган!

Аксы окуясы болбосо Март – 2005 жана Апрель – 2010 жыл революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргшызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон,- деп айтылды Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин кандуу Аксы окуясынын 15 жылдыгына карата Кайрылуусунда.

Мындан 12 жыл илгери карапайым калкылдаган миңдеген элдин ошол кездеги адилетсиз бийликке болгон ачык нараазычылыгы алгач Жалал-Абад жергесинде башталып, анан өлкөнүн башка аймактарына тарап кетти. Ошентип, 24-март элдик революциясынын бешиги Жалал-Абад шаары болуп калган десек жаңылбайбыз. Элдин ишениминен ажырап калган үй-бүлөлүк-кландык бийлик көпкө узабай тургандыгын 24-март элдик революциясы тарыхый чындык катары тастыктап койду.

Кыргыз эли тээ байыркы кылымдардан бери эле досторуна меймандос айкөл эл катары жакшы белгилүү болгон. Ошол эле учурда кыргыз эли башына мүшкүл иш түшкөндө, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч туулганда муштумдай бириккен жоокер эл болгондугу карт тарыхта жакшы белгилүү. Эң башкысы кыргыз эли адилетсиздикке чыдабаган, эркиндикти туу туткан улуу калк экендигин 24-март элдик революциясы дагы бир ирет айгинелеп койду.

Эркиндикти алуу оңой, аны сактап калуу өтө кыйын экендигин эч качан эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Ынтымагы менен биримдиги жок элден, тынчтыгы болбогон жерден ырыскы качат.  Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки эки революция, коогалаңдуу июнь окуялары дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстан өлкөсү туурасындагы жакшы пикирлерге бир кыйла көлөкөсүн түшүрүп койгондугун жашыра албайбыз. Кайсыл жерде тынчтык менен биримдик, ынтымакчылык болсо, мыйзамдуулуктун доктринасы болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Өлкөбүздө саясий туруктуулук орноп, көп улуттуу элибиздин бекем ынтымагы менен болоттой бекем ширелишкен достугу жаралып олтурат. Башкы максат өлкөбүздөгү тынчтыкты көздүн карегиндей сактап, өлкөбүздү алга карай туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жетишүүдө турат.

Сөзүмдүн соңунда баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын. Эгемендүү Кыргызстаныбыз алга карай ишенмдүү өнүгө берсин. Дагы бир жолу Сиздерди 24-март элдик революциясынын 12 жылдыгы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!,- деп айтылат ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин куттуктоосунда.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев 24-март элдик революциясынын катышуучуларына Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин  Авазовдун куттуктоосун окуп берди. 24-март — элдик ревоюциясынын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Алман Адиев дагы куттуктады. 24-март – элдик революциясынын катышуучуларынын атынан Карабек Өмүрбеков сөз сүйлөп, жергиликтүү бийлик башчыларына атайын көрсөтүлгөн сый-урматтары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

24-март – элдик революциянын 12 жылдыгына арналган иш-чаранын катышуучуларына сый-тамак тартууланып, “Жалал-Абад айымдары” ырчылар тобунун өнөрпоздору тарабынан кеңири программадагы концерт тартууланды. 24-март – элдик революциясынын 12 жылдыгына арналган ушундай эле иш-чаралар Сузак жана Базар-Коргон райондорунда дагы өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: