Кыргызстандык боксчу Рустамбек уулу Нурадин жаштар арасында (2001-2002-ж.ж) Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Азиялык бокс конфедерациясынын расмий баракчасында жарыяланды.
Турнир 10-17-ноябрь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында 16 өлкөдөн келген спортчулардын катышуусу менен өткөн. Рустамбек уулу Нурадин 69 кг чейинки салмак ченинде мушташкан.
Рустамбек уулу Нурадин финалдык беттеште өзбекстандык боксчу Нурислом Исмоиловду утуп, жаштар арасында Азия чемпион боло алды.
Ал эми Исломбек Тургунов (75 кг) жана Ахмед Усупов (91 кгдан жогору) кыргызстандык боксчулар жарым финалда жеңилип калып, коло медалдын ээси болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ