Menu

Фоторепортаж – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында кечээ, 24-мартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга аймактык саясаттын концепциясын бекитүү;
Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу;
2016-2017-жылдарга күз-кыш мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо.

Бул маселелер боюнча Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, «Улуттук энергохолдинг компаниясы » ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев маалымат берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: