Menu

Жалал-Абад областтык сотунда ачык эшиктер күнү өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областтык соту Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин укук таануу бөлүмүнүн студенттерине ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул туурасында Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Областтык соттун пресс-катчысы М. Болотов студенттер жана алардын мугалимдерине соттун эшигинен баштап имараттын жайланышы, кеңсенин кабинети, сот жыйналышынын залдары, судьялардын, консультанттардын, судьянын жардамчыларынын жана сот жыйналышынын катчыларынын жумуш кабинеттери менен тааныштырды. Бул иш-чарада областтык соттун жумуш процессине студенттер түздөн-түз күбө болушту.

Андан кийин студенттер областтык сотто өтүп жаткан кылмыш иши боюнча сот жыйналышына байкоочу катарында катышышып, иш боюнча баяндоодон баштап өкүмдү жарыялаганга чейин сот процесси практикада кантип өтөөрү менен таанышышты. Бул сот процессинде областтык соттун төрагасынын орун басары Ш.Ж.Жакыпбаев төрагалык кылуучу болду, ал эми коллегиянын судьялары болуп А.Н.Таштемиров жана Б.С.Султанканов болушту. Төрагалык кылуучу жана судьялар өкүмдү чыгаргандан кийин студенттер менен укук таануу жана насааттык маек куруп беришип, студенттерди кунт коюп окууга, мамлекеттин мыйзамдарын сыйлоого жана сактоого үгүттөштү.

Ачык эшиктер күнүн жыйынтыктап жатып, областтык соттун төрагасынын орун басары Ш.Ж.Жакыпбаев меймандарга окуусунда ийгиликтерди жана келечектеги кесибинин мыкты адиси болууларын каалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: