Menu

Укук коргоочулар Өзбекстанды блогерлерди куугунтуктоону токтотууга үндөштү

Бөлүшүү:

“Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) өзбек бийлигин социалдык жана диний темаларды чагылдырган блогерлерди куугунтуктоону токтотууга чакырды. Уюм дин жөнүндө жазганы үчүн камалган төрт кишини – Адхат Олимов, Зиёдулла Кабиров, Отабек Усманов жана Хуршидбек Мухаммадрозиковду бошотууну суроодо.

Укук коргоо уюмунун кызматкери Гүлноза Саид өлкө сөз эркиндигине олуттуу карабай жатканын, бийлик кармалган блогерлерди бошотуп, өзбек коомчулугу үчүн олуттуу суроолорду ээн-эркин көтөрүүгө шарт түзүүсү керектигин белгиледи.

CPJ Ислам Каримов президент болуп турганда Өзбекстанда ислам катуу көзөмөлдөнүп, бийлик карамагы астындагы мечиттерден тышкары диний ишмердүүлүк жүргүзгөндөр куугунтукталганын эске салды. “Журналисттерди коргоо комитети” Шавкат Мирзиёев бийликке келгени репрессиялык саясаттан оолак болорун билдиргени менен сөз эркиндигине кысым көрсөтүү уланып жатканына тынчсызданган.

Укук коргоо уюму августтун аягында, сентябрдын башында кармалган блогерлер боюнча Башкы Прокуратурага телефон чалып, бирок жооп ала алган эмес. Олимов, Кабиров, Усманов ислам маселелери, анын ичинде хиджабка тыюу салуу боюнча макалаларынан кийин 15 суткага камалган.

Мухаммадрозиков латын алфавитине өтүү жана билим берүү тармагындагы реформаларды сынга алганы үчүн камалган. Учурда ал кай жерде экени белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: