Menu

Бийлик Садыр Жапаровдун үй бүлөсүнөн 7 кишини камакка алды

Бөлүшүү:

Бийлик Садыр Жапаровдон корктубу  же бийлийгине таянып, аша чаап кеттиби айтор, канча жылдан бери  сагынып, күн санап күткөн балдарына, туугандарына, жолугабыз деп чыдамсыздык менен күткөн элине жолуктурбай  өзүн чек арадан камакка алды. Ошондой эле Садыр Жапаровдун келишин күткөн митингди асманга ок атып, ур-тепкиге алып, күч менен таркатты. Ал турсун Садыр Жапаровдун үй бүлөсүнөн жети кишини камакка алды. Балдарын бетин жарып, онтото сабады. Садырга дооматым жок деген Эмилбек  Каптагаевдин айтканына карабай  №1 СИЗОго камады. Бир тууган агасы Сабыр Жапаровду эки айга, бөйрөгүн алмаштырып келген бир тууган иниси Дөөлөт Жапаровду да камакка алышканы менен  кан басымы жогорулап, мурдагы дарты козголуп кетип, ооруканага жаткырууга аргасыз болушту. Уулу Жапаров Рустам 2 күнгө, таяк жеп социалдык түйүнгө онтогон видеосу тарап кеткен баласы  Ренат айып пул менен бошотулду. Келиндери   Мукумбет кызы Гүлжанат жана  Мээрим бири эки, бири беш күнгө камалды.  Кыскасы, бир митингде бир үй бүлөдөн 7 киши камакка алынды. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жакындары «factor.kg» сайтына кабарлады. Кандай болгон күндө да апаларын камап, балдарын боздотпой жогору жактагылар адилеттүү чечим каблы алат деген үмүтүбүз зор.

Булак: factor.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: