Мелис Аспековдун “250 миң доллардын 50 миң долларын Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеевге бергем” деп айтканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Жапыкеев “24.kg” басылмасына билдирди.
Анын айтымында, анын Мелис Аспеков менен эч качан байланышы жок.
“Ал кимден эмнени талап кылганын тергөө аныктайт. Учурда тарап жаткан имиштер жалган. Мелис антип айтмак эмес болчу. Улан Жураевди такыр тааныбайм, бир эле жолу кафеден көргөм”, – деди ал.
Буга чейин $250 миң пара менен кармалган Мелис Аспеков Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени айтылган.
Белгилей кетсек, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев кармалган. Алар “Кыргыз темир жолу” ишканасын ЖАМК текшерет, ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштурулат деп коркутуп, акча талап кылышкан.
10-январда Биринчи май райондук соту активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ