Menu

Жалал-Абаддагы өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков коомдук уюмдардын жетекчилерин кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков Жалал-Абад облусундагы коомдук уюмдардын жетекчилерин иш бөлмөсүндө кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Жолугушууга облусттук Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, облустук аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова, “Союз Чернобыль” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдияр Исраилов, Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустам Амиракулов жана облусттук ардагерелер кеңешинин төрагасынын орун басары Сүйөркул Бакиров катышты.

Жолугушууда облусттук коомдук уюмдардын жетекчилери өз тармактарындагы иштердин жүрүшү жана өздөрүнүн көйгөйлүү маселелери туурасында ачык-айрым маанайда кеңири ой бөлүштү. Облусттук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев облус аймагында 100 миңден ашуун пенсионерлер бар экендигин белгилөө менен алардын пенсияларын индексациялоо маселесине көңүл буруу, Жалал-Абад санаториясында согуштун жана эмгектин ардагерлерине 1 бөлмө ажыратуу зарылдыгын ортого салды. Ал эми облустук  аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова облус калкынын 51 пайызын аялдар түзөөрүн эске салып, аялдар кеңешинин ишин жандандыруу максатында бир бөлмө ажыратып берүү өтүнүчүн билдирди. Аялдарды 8-март жана “Энелер күнүндө” гана эскербестен аларды коомдук турмушка активдүү катыштыруу сунушун билдирди. Ал эми “Союз Чернобыль” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдияр Исраилов Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш сейил багында тургузулуучу чернобылчылардын эстелигине каражат жагынан жардам көрсөтүү сунушун айтып кетти. Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустам Амиракулов Эгемендүү Кыргызстанды сырткы душмандардан коргогон жигиттерге ипотекалык кредиттен жардам көрсөтүлсө деген пикирин ортого салды.

–    Урматтуу коомдук уюмдардын жетекчилери, Сиздер тарабынан айтылган бардык сунуштар биз тараптан сөзсүз эске алынат. Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагерлери жыл өткөн сайын улам азайып баратат. Азыр облус аймагында болгону 95 согуштун ардагерлери калды. Аларга ар тараптуу сый-урматтарды жана камкордуктарды көрүү биздин башкы парзыбыз. Облустагы райондордун мамлекеттик администрация башчылары – акимдер менен шаарлардын башчылары болгон мэрлер коомдук уюмдар менен тыгыз байлынашта иш алып баруусу алардын иш-аракеттеринин негизги бөлүгүнө кирет. Облустун аймагындагы санаториялар, алардын менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдардын өтүнүч талаптарын аткарууга милдеттүү. Силер тарабынан айтылган ой-сунуштарды мен колдоймун жана мындан ары тыгыз байланышта иш алып барабыз деп ишенемин. Кандай гана маселе болбосун мага түз кириңиздер, Сиздер үчүн менин иш бөлмөмдүн эшиги ар дайым ачык,- деди жолугушууну жыйынтыктаган ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: