11-сентябрда Шри-Ланкада жыйынтыкталган шахмат боюнча Батыш Азия чемпионатында кыргызстандык жаш шахматчы Султай Чыңгыз эки күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чемпионатта Султай Чыңгыз 8 жашка чейинки спортсмендер арасында мелдешке чыккан. Ал эми, классикалык шахмат боюнча турнирде дагы Султай Чыңгыз күмүш медалды багындырган. Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчусу 84-орунду ээледи. Буга чейин ал рапида боюнча турнирде коло медаль тагынган. Ошону менен шахмат боюнча Батыш Азия чемпионатында Кыргызстандын эсебинде жалпы 3 медаль болду.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ