Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактардын породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга, сатууга даярдоого, пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууга алынды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Демилгечи депутаттардын бири Рада Туманбаеванын айтымында, өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга каршы 2007-жылы киргизилген мораторийдин мөөнөтү ушул жылдын февраль айында бүткөн. Ага ылайык, дагы 5 жылга мораторийди узартуу аркылуу жаӊгак жана арча токойлорун сактоо менен гана чектелбестен, аянтын чоӊойтууга шарт түзүлөт.
Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жокой чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү белгилегендей, мораторийге чейинки 2006-жылы 540 жаӊгак уюлун мыйзамсыз пайдаланган факты катталса, бүгүнкү күндө баалуу дарактарды кыйган учурлар өтө азайган. Андан тышкары, мораторийдин алкагында өзгөчө баалуу дарак токойлорунун көлөмү 30 пайызга көбөйгөн.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоо менен мөөнөтүн 2050-жылга чейин узартуу сунушун беришти. Депутат Акылбек Жапаров кыргыз жаӊгагы үчүн Дүйнөлүк соода уюмунан атайын код алуу зарылчылыгын белгилеп, Экономика министрлигин маселени тезирээк чечүү менен, жаӊгактарды мыйзамдуу экспортто ишин колго алууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ