“Ата Мекен” партиясынын юристтеринин президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары боюнча доо арызын караган сотто филологиялык жана лингвистикалык экспертиза дайындалды.
Аталган партиянын юристи Канатбек Азиз билдиргендей, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин 6-марттагы “сасык партия” деп айткан сөзүнө так аныктама берүү үчүн бир ай аралыгында экспертизанын жыйынтыгын билүүнү сунуштады.
Буга чейин прездинттин өкүлү Айжан Кадырова сотто президенттин сөзүндө «Ата Мекен» партиясынын аты аталбаганын билдирген. “Видеону өзүм көрүп чыктым. Атамбаевдин билдирүүсүндө Өмүрбек Текебаев же «Ата Мекен» партиясы тууралуу бир дагы сөз жок”, – деген ал.
“Атамекенчилер” өлкө башчынын 6-мартта Ала-Арча резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айткан сөзү үчүн сотко кайрылган. Ал жыйында Атамбаев “айрым сасык партиялар”, “мародер” деген сөздөрдү колдонгон. “Ата Мекен” партиясы муну өз дарегине айтылды деп билдирип, сотко кайрылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ