Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев кыргыз тилинин өнүгүшүнүн келечегин талкуулашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен кыргыз тилинин өнүгүшүнүн келечегин талкуулашты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү 2013-2017-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү экендигин баса белгиледи.

Назаркул Ишекеев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча жана Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тилин окуутуда билим берүү тармагына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жана жаштардын арасында жайылтуу керек экендиги белгиленди.

Бул багытта негизги кадам болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун “Кыргызтест” башкармалыгы тарабынан даярдалган тесттердин интернеттеги колдонуучулар үчүн атайын электрондук программасын иштеп чыгуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: