Menu

“Жансакчы” качан реформа жүргүзөт?

Бөлүшүү:

Президент “ИИМди Кашкар реформалабаса, мен реформалайм” деп жансакчысын министр кылганы белгилүү. Кыргызстанда канча РОВД бар экенин билбеген Улан Исраилов “Ата Мекендин” лидеринин кекетип-мокотуусуна чыдап, арданбай барып отурганына алты айга чукулдады. Андан бери эмне өзгөрдү? ИИМдин иши оңолдубу?

Генералдар жасай  албаган реформаны “жансакчы” жасайбы?

Биз билгенден “ИИМди реформалоо” – деген маселе 2010-жылдан бери эле көтөрүлүп, андан бери Шамил Атаханов, Зарылбек Рысалиев, Абдылда Суранчиев, Мелис Турганбаев сыяктуу бир топ министрлер тердеп-кургап Жогорку Кеңеште  маалымат берип жүрүшүп, акыры кетип тынышты. Ушул реформанын шылтоосу менен ИИМ жетекчилиги Грузияга дагы көп каттап, аны мисал кылып жүрүшүп, азыр ооз ачышпайт. Кашкар Жунушалиевди Президент так ошол Грузияга барып жамандап келди. Келгенден кийин анын ордуна жансакчысын дайындады.

Биз билгенден Алмазбек Шаршеновичтин алтымыш жылдыгынан бери кайра-кайра келген коноктордон, өлкөдөгу саясый толкундоолордон улам бул түшүнүк унутта калган эле. Ал эми милиция тарабынан элге күч колдонулган фактылар интернеттин заманында кеңири тарап, ИИМдин кадыр-баркы деген түшүнүк четке чыкты. ИИМдин “жансакчы” министри келгенден бери эмне менен алек болуп жатканын так билген адам жок. Министрликтин сайтында болсо министрдин Россиянын министри менен эки ай мурдагы  жолугушуусу тууралуу кабардан башка жаңылык жок. Чындап келгенде, “коен жатагынан” бери билген генералдар реформа кыла албаган ИИМди Кыргызстанда канча РОВД бар экенин так билбеген көп жылдар бою Президенттин “колтугунан” чыкпай жүргөн Улан Исраилов реформа кылып кыйратмак беле?

Кыргыз элин ыйлаткан кызды милиция ыйлатты

Өткөн жумада Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, улуттук коопсуздук кызматынын “уурудай” болгон иш-аракетинен улам учурда бир канча адамга айып тагылып, тынчый электиги белгилүү. Өлкөдөгү мындай кырдаалга Жогорку Кеңеш баа берүүгө да жараган жок. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров чатакка айланган митингди айыптап, күч түзүмдөрү мындан ары дагы ар кандай чагымчыл аракеттердин мизин кайтарууга даяр экенин билдирди. Муну менен Коопсуздук кеңешинин катчысы күч түзүмдөрү мындан дагы катуу аракеттерге бара турганын тастыктап отурат.  Укук коргоочу Азиза Абдирасулова фейсбуктагы баракчасына «Жетөөнүн күчү бир кызга жетти! Азаматтар! Бир кызды сүйрөп ит болгон, Жашасын КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ!!! Кыздарыбыз тирүүлөй өрттөнгөндө бүт кыргыз элин ыйлаткан кыз, «знайте.., придурки» деп ызасын чачкан кыз, кайра келип Бишкекте милициянын сабоосунда калдыбы?” – деп жазып чыкты.

Ал эми  айрым саясатчылар  бийлик “бейбаштык кылды” деген негизде Садыр Жапаровдун жактоочуларына ашкере күч колдонулганын сынга алып, мунун арты саясий чыңалуунун күчөшүнө гана өбөлгө түзөт деген ойлорун ортого салышты. ИИМ тармагы муну жокко чыгара албайт, себеби, алты-жети милиция арык кызга жабалактаган тасма интернетти аралап жүрөт.

Президент уяткарса болмок

Кечээ 29-мартта Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып, ИИМдин ишине кызыкты. Улан Исраилов каадалуу, “генералдарчасынан” маалымат берген экен ЖМКлар “Президент милиция адамдардын өз жарандык позициясын билдирүү укугун сыйлоо зарылдыгын, бирок, мыйзам бузулган учурларда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин так аткарышы керек экенин баса белгиледи” – деп жазып чыгышты.  Алардын бардыгы Президенттин сайтынан алынган маалыматка таянышты. Экөөнүн жанында отурбагандан кийин эмне тууралуу кеп болгону көмүскө бойдон калды. Президент “Улан, айланайын, алтыным, реформаны мен жасайм деп мактандым эле. Милиция жок дегенде кыздарды тепкилебесин, уят” десе болмок. Же милициянын укугу укук катары эсептелип, митингге чыккан элдики тепселе бериши керекпи?

Кыскасы, “Кашкар жасабаган” реформаны Президент менен “жансакчы” жасабай эле коюшсунчу, негизгиси карапайым элди сабаганын токтотсун. “Менин милициям мени коргойт” деген түшүнүктү түп-тамырынан бери жок кылбасын. Ал эми ИИМ министри “жансакчы” деген кошумча атына кокуйлабаса деле болот. Аны жанын арачалатып алып жүргөн Алмазбек Атамбаев  иш тажрыйбасына карабай, генералдарды алдына тизип берип, далыга таптап жүрүп министр кылбады беле?

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: