Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Корея Президенти Мун Чжэ Инге Мирян шаарынын Седжон ооруканасында өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көнүл айтуу жолдоду.
“Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандардын баарына тез сакайып кетүүсүн каалай турганымды билдирип коюуну Сизден өтүнөм”, – деп айтылат Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ