Menu

Бийликтин бүгүнкү “ийгиликтери”

Бөлүшүү:

Оппозиционер депутат Өмүрбек Текебаев

25-февралда аэропорттон кармалган Ө.Текебаев бүгүн түрмөдө отурат. УКМК аны “2010-жылы “Мегакомдун” акцияларын орустун жараны Л.Маевскийге сатууга ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү убадалап 1 млн. доллар пара алган” деп, “Коррупция” (УК 303-беренеси) жана “Алдамчылык” (УК 166-беренеси) менен айыптап жатат. Убактылуу кармоочу жайда 25-апрелге чейин жатат, андан кийинки тагдырын укук коргоо органдары менен сот дагы карап, чечет.

Оппозиционер депутат Аида Салянова

ЖКнын “ата-мекенчи” депутаты Аида Саляновага кылмыш иши козголуп, өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендиришкен. Аны УКМК “2010-жылы Максимдин досу Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн мыйзамсыз узартып берген” деп, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” (УК 304-беренеси) боюнча айыпташууда.

Оппозиционер депутат Алмамбет Шыкмаматов

ЖКнын дагы бир “ата-мекенчи” депутаты Алмамбет Шыкмаматовго “Коррупция” (УК 303-беренеси) жана “Кызматтык документ жасоо” (УК 315-беренеси) боюнча кылмыш иши козголуп, укук коргоочулар аны өлкө сыртына чыкпоону буюрушту. Депутатты “2011-жылы Эсептөө палатасында иштегенде мекемеге тендер аркылуу өзүнүн унаасын кызматтык унаа катары саттырып алган” деп айыпташууда. Иш УКМКда каралууда.

Оппозиционер Адил Турдукулов

Президент А.Атамбаевдин жанын койбой, ар бир кадамын сындап турган Адил Турдукулов былтыркы жылдын этегинен бери ажонун бир кездеги жансакчысы, азыркы таасирдүү адамы Э.Мамбеталиев менен соттошуп жатат. Жансакчы аны социалдык тармактарда “киши өлтүргүч”, “киллер” деп атаганы учун айыптап, кадыр-баркы жана репутациясы үчүн 5 млн. сом доо койгон. Э.Мамбеталиев мурда полковник Чыныбек Алиев, депутат Жыргалбек Сурабалдиев, “вор” Азиз Батукаевдин жездеси Хаважи Заурбеков, “Рахат” пансионатынын жетекчиси Бахрулы Бурханов, жеке ишкер Шамил Адеев, ОПГ мүчөлөрү Нурлан Бердикеев, Таалай Абасов сыяктуу сегиз адамды өлтүрүү айыбы менен омур бою эркинен ажыратылып, 2010-жылы революциянын шарданы менен азаттыкка чыккан болчу.

Журналист Дайыр Орунбеков

Журналист Дайыр Орунбеков 4 жылдан бери А.Атамбаев менен соттошуп келатат. Айыбы “2010-жылдагы Ош коогалаңына Убактылуу өкмөт (анын ичинде А.Атамбаев) жооп береби?” деп макала жазган. Кинени Президенттин буйругу менен Башкы прокуратура коюуда. Ага ажонун кадыр-баркын, репутациясын бузганы үчүн 2 млн. сом айып салынып, соттор тиешелүү чечимди чыгарып беришкен. Бул акчаны төлөй албай создуктурганы үчүн аны “2 жылга камайбыз” деп коркутуп, өзүнчө кылмыш ишин ачып, дыргаяктата куугунтуктап келишет.

Адвокаттар Таалайгул Токтакунова менен Канат Азиз

Камактагы депутат Ө.Текебаевдин адвокаттары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди Башкы прокуратура сотко берди. Президенттин кадыр-баркын коргоону максат кылган башкы көзөмөл орган аларды “калп маалымат таратуу” боюнча айыптап, төгүлгөн абийирди кайра толтуруу үчүн адвокаттардын ар биринен 10 млн. сомдон өндүрүп алууну көздөйт.

“Азаттык” радиосу

6-мартта Башкы прокуратура “Азаттык” радиосун (“Азаттык Медиа ЖЧКсы”) сотко берип, президент А.Атамбаевдин “төгүлгөн кадыр-баркы” үчүн 20 млн. сом талап кылууда. Ага себеп – “Азаттык” депутат Ө.Текебаевдин адвокаттарынын ажо А.Атамбаев тууралуу “Дача СУда айылды басып калган түрк самолету тууралуу (андагы жүк А.Атамбевге тиешелүү экенин көрсөткөн) документтерди таап чыккандыктан, бийлик ага басым жасап жатат” деген сөздөрүн кайталап айтып, элге жеткиргени. Муну А.Атамбаев “ушак” деп, радиону ушак таратканы үчүн айыптоодо. Сот радионун банктык эсептерин тоңдуруп койду. А.Атамбаев утуп чыкканда айып пулун эсептеп алуу үчүн.

“Заноза.kg” сайты

6-мартта Башкы прокуратура “Заноза.kg” сайтын (“ПроМедиа” КФ) сотко берип, ажо А.Атамбаевдин “чачылган абийири” үчүн 6 млн. сом талап кылууда. Бул сайт да Ө.Текебаевдин адвокаттарынын А.Атамбаев жана анын кыйраган учактагы жүккө тиешеси бардыгы тууралуу сөздөрүн жарыялаганы үчүн доого жыгылууда. 13-мартта Башкы прокуратура “Занозага” каршы дагы бир арыз берип, 3 млн. сом өндүрүүнү көздөөдө. Сот сайттын банктык эсептерин тоңдуруп койду, А.Атамбаев сотто утуп чыкса андагы каражаттан кадыр-баркына жетээрлигин которуп алмакчы.

Журналист Нарын Айып

13-мартта Башкы прокуратура “Занозанын” баяндамачысы Нарын Айыпты “ушакты таратып, президенттин кадыр-баркына зыян келтирди” деген кине менен сотко берди. Н.Айыпты 2015-жылдын 22-октябрындагы “Миллионы от президента: за чей счет банкет на самом деле?” деген макаласы боюнча жарга такашууда. Аталган макала үчүн редакция 3 млн., автор 3 млн. сом айып тартышмакчы. Н.Айыптын батирин камакка алышкан.

“24.kg” маалымат агенттиги жана Рита Карасартова

10-мартта Президент А.Атамбаевдин КСДП партиясы “24.kg” маалымат агенттиги менен “Коомдук анализ институтунун” директору Рита Карасартованы сотко берди. Анткени, Р.Карасартова аталган агенттикке берген маегинде “кызматтарды онду-солду сатышат” деп партия тууралуу “туура эмес” сөз айткан экен. Доонун негизи – партиянын ишкер репутациясын коргоо. Моралдык компенсация үчүн алардын ар биринен 1 млн. сомдон акча доолап жатышат.

Акын Темирлан Ормуков

КСДПчы депутат Дастан Бекешевдин арызы менен майып акын Темирлан Ормуковго кылмыш ишин козгошту. Депутат анын “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ыры А.Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет” – деп президенттин репутациясына кам көрдү. Акын социалдык тармактарда президент А.Атамбаев тууралуу чырылдата сындаган ырлары менен белгилүү. Ажону сындаган ырлары үчүн Т.Ормуковду 2016-жылдын декабрында Башкы прокуратурага чакырып, “профилактикалык сүйлөшүүлөрдү” да өткөрүшкөн. Жыйынтык болбоду – эркин ойлонгон акын “туура эмес” ырларын жаадыра берди.

“Азаттык маршынын” катышуучулары

18-мартта сөз эркиндиги үчүн маршка чыккандардын бешөөсүн милиция кармап кетип, 5 күнгө камап койду. Анысын “Коомдук тартипти бузушту” – деп түшүндүрүшкөн. Ал күнү “Азаттык”, “Заноза”, “24.kg” агенттиктеринин журналисттерин колдоп, журналисттер жана саясатчылар тынчтык жүрүшүнө чыгышкан болчу.

Оппозиционер Садыр Жапаровдун тарапташтары

25-мартта Кыргызстанга келген экс-депутат С.Жапаровдун тарапташтары милиция менен кагылышып, натыйжада жүздөн ашууну кармалып, убактылуу кармоочу жайларга киргизилди. Алардын 64тү 2ден 5 күнгө чейин камалды, 12сине айып пул салынды. Тирешүүдө милиция менен жөнөкөй кийимчен адамдар митингчилерди ур-токмокко алып, сабап салып кетишкени маалым.

Оппозиционер Абдылда Капаров

Президент А.Атамбаевдин Оштогу каршылаштарынын бири, Ош УВДнын экс-начальниги, полковник Абдылда Капаров камалды. Ал кийинки мезгилде “О.Текебаевди коргоо комитетинин” жетекчиси катары белгилүү. Полковникти “Бийликти кулатууга чакырык таштады” деп айыпташууда. Жакында сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Ажону сындаган Фейсбук колдонуучулар

КСДПчы депутат Ирина Карамушкинанын арызы менен УКМК жалал-абаддык 11 фейсбук колдонуучуга өз баракчаларында президент А.Атамбаевди сындагандыгы үчүн эскертүү берди. Алардын ичинен төртөөсү Сузак районунан, бешөөсү Базар-Коргон, экөөсү Аксы районунан. Булардан башка да президенттин дарегине тескери сөздөрүн айткан 45 фейсбук колдонуучу УКМКнын “кара тизмесинде” турат.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: